Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы N 652 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123, 2014-жылдын 26-декабрындагы № 732, 2016-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган капиталдык салымдардын эсебинен каржылана турган өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес маанидеги курулуштардын жана объектилердин (жаңы курулуштун, кеңейтүүнүн, реконструкциялоонун, техникалык кайра жабдуунун) Тизмесин түзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин Тизмеси (мындан ары - Тизме) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын республикалык бюджеттин администрациялык, функциялык жана экономикалык классификациясы боюнча ар бир мамлекеттик заказчы үчүн өзүнчө түзүлөт.
3. Тизме Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга жана ушул программаларга киргизилбеген айрым өтө маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүнө негизделип түзүлөт.
4. Ушул Жободо Тизмеге киргизилген курулуштардын жана объектилердин мамлекеттик заказчылары деп аткаруу бийлигинин органдары түшүнүлөт.
5. Тизмеге киргизилген курулуштардын жана объектилердин заказчылары-куруучулары төмөндөгүлөр:
а) бюджеттик мекемелер жана уюмдар, анын ичинде курулуп жаткан объектилердин дирекциялары;
б) мамлекеттик заказчынын карамагында турган уюмдар;
в) Тизмеге киргизилген курулуштар жана объектилер боюнча бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө барабар баада ушул уюмдардын акцияларын (үлүштөрүн) мамлекеттин менчигине сатып алуу шартында же кайтарылуучу негизде киргизилген мамлекеттик капиталдык салымдарды алган мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар;
г) аткаруу бийлигинин органдары тарабынан заказчы-куруучунун милдетин аткарууга ыйгарым укук берилген уюмдар.
6. Мамлекеттик заказчылар белгиленген тартипте келишимдик негизде заказчы-курулушчуларга өз милдеттеринин бир бөлүгүн өткөрүп бериши мүмкүн.
7. Тизмени калыптандыруу жана бекитүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кийинки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн белгиленген шарттарынын курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган артыкчылыктардын жана критерийлердин негизинде мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн мамлекеттик заказчыларга бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик заказчычылар үчүн белгиленген мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн аларга жеткирет.
Мамлекеттик заказчылар мамлекеттик капиталдык салымдардын алдын ала белгиленген көлөмдөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга жана ушул программаларга киргизилбеген айрым өтө маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган капиталдык салымдарды жүзөгө ашыруунун көлөмдөрүн жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен (экономикалык жагынан максатка ылайыктуулугун негиздөө менен) курулуштарды жана объектилерди Тизмеге киргизүү жөнүндө сунуштарды беришет.