Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-сентябры N 661

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын ¤кмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы N 419 Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы N 551 токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

9.1 пункттун үчүнчү абзацындагы "билими" деген сөздөн кийин "же башка жогорку билими тиркемеси менен кошо" деген сөздөр менен толукталсын;

30-главада:

- 23-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия жана анын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

(Кыргыз Республикасынын ¤кмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (Кыргыз Республикасынын ¤кмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377 токтомуна ылайык күчүн жоготту)