Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-сентябры № 699
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ипотекалык кредиттөөнү жана күрөөлүк камсыздоону
пайдалануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо боюнча
иш-чаралардын планы жөнүндө
2005-2007-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык саясаты
жөнүндө меморандумдун 18-пунктуна ылайык жана ипотекалык кредиттөөнү
жана күрөөлүк камсыздоону пайдалануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген Ипотекалык кредиттөөнү жана күрөөлүк камсыздоону пай-
далануунун ченемдик укуктук базасын чыњдоо боюнча иш-чаралардын планы
(мындан ары - Иш-чаралардын планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
жана администрациялык ведомстволору:
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чара-
ларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилде кийинки
айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Премьер министринин Ап-
паратына Иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат
берип турушсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов