Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 29-сентябры №707 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүнөркүндөтүү жөнүндө» № 462 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы «КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери» жөнүндөгү№ 541 токтомуна ылайык, технологиялык, техникалык жана өнөр жайкоопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү жаатында маселелерди натыйжалуучечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги №194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардынтекшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - 2-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууКирешелер боюнча комитетинин» деген сөздөр «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын, КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жайкоопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын»деген сөздөргө алмаштырылсын; - аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишинмамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндөжобонун II бөлүмүнүн 8-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин» деген сөздөр«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинекараштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттикинспекциясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; - аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмесинде: - 1-пунктундагы «Финансы министрлиги» деген сөздөр «Экономика жана финансы министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын, «Кирешелер боюнча комитет» деген сөздөр алып салынсын; - төмөндөгүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын: «20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясы»; - аталган токтомдун жана Жобонун бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия», «Мамлекеттик комиссия» деген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр «Кыргыз Республикасын Өнөржай, соода жана туризм министирлиги» деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин. 3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги«Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардынтекшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» № 194 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-мартындагы №194 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов