Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 16-октябры, №729 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды жана Төрт-Көл айылдык кењештеринин айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоонун жүрүшүндө КыргызРеспубликасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды жана Төрт-Көлайылдык кењештеринин жерлеринен автомобиль жолун куруу үчүн 15,66 га сугатаянты алынган. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Бишкек-Ошавтомобиль жолун курууда өзгөргөн айыл чарба жерлеринин абалындагыжагдайды тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы 15,66 гасугат аянтын, анын ичинде Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоого берилгенЖылалды айылдык кењешинин 5,66 га, Төрт-Көл айылдык кењешинин 10,0 гажерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт,байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясынатрансформациялоо боюнча Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Ошоблусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясыжерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөржай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов