Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 657, 2015-жылдын 27-майы № 328, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Айыл башчысын дайындоонун жана бошотуунун тартиби
III. Айыл башчысынын иш милдеттери
IV. Айыл башчысынын укуктары
V. Айыл башчысынын жоопкерчилиги
I. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында өзүнчө бөлөк жайгашкан айылдарда жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен, кызматтык маянасы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айыл башчынын кызмат орду ачылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Айыл башчысы администрациялык муниципалдык кызматчы болуп саналат.
1.3. Айыл башчысынын жогорку же атайын орто билими, адамдар менен иштей билиши жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү болушу керек.
1.4. Айыл башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, жергиликтүү коомдоштуктун уставын, айылдык кеңештин чечимдерин, ошондой эле айыл башчысы жөнүндө типтүү жобону (мындан ары - Жобо) жетекчиликке алат.
II. Айыл башчысын дайындоонун жана бошотуунун тартиби