Редакцияот 04.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4-июлу № 4

Боо-Терек айылында таштандыларды чыгарууга болгон тарифти бектип берүү жөнүндө

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн тазалык боюнча кызматкерлердин сунушун угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XIII сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.   Боо-Терек айыл аймагындагы таштандыларды чыгарууда төмөнкүдөй тариф бекитилсин:

Бир түтүнгө бир айда таштандыларды чыгаруу үчүн 30 сом төлөсүн. Бир жылда 360 сом. Тариф 2022-жылдын 1-августунан тартып бекитилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Мамыралиев