Редакцияот 01.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 1-августу № 2

Аукцион аркылуу ижарга берилүүчү айыл-чарба багытындагы айдоо-суугат жерлеринин баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө

 

Аукциондун баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XIV сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Аукцион аркылуу ижарага берилүүчү айыл-чарба багытындагы айдоо-суугат жерлеринин баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- Айыл-чарба багытындагы айдоо-суугат жерлердин баштапкы баасы -10 000 сом;

- Аукционго коюлуп, бирок эч бир жеңүүчү аныкталбаган айыл-чарба багытындагы айдоо-суугат жерлерди, аукцион өткөрүү боюнча Жобонун шартаарына ылайык баштапкы баасын төмөндөтүү жолу менен ижарага берүү жагы каралсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Мамыралиев