Редакцияот 10.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 10-октябры № 2

 

 

“Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна долбоорлорду тандоо жөнүндө

 

“Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна сунушталган долбоор боюнча, №41 Кесиптик лицейдин жааматынын жыйынынын  протоколун карап чыгып, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVII сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.    “Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицейдин аймагын курчоо жана дарбаза куруу жөнүндө долбоор жактырылсын жана бекитилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздары №41 кесиптик лицейдин жааматы тарабынан даярдалып, “Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Мамыралиев