Редакцияот 08.12.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-декабры № 840                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          "2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган     Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин       Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү           жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз                Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык  Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган  Көз  ка-рандысыз  Мамлекеттер  Шериктештигине  мүчө-мамлекеттердин  Мамлекеттераралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү жөнүндө келишимин  ратифи-кациялоо  тууралуу"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдукберилсин.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  билим берүү,  илим жана жаштар саясатыминистри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын.       Премьер-министри                                    Ф.Кулов