Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Ѳкмѳтγнγн

             2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомуна ылайык

                           кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-декабры № 863

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

       "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө

         жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

       25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

                           киргизүү тууралуу

 

     Аза күтүү  кызматындагы ишканалардын кызматкерлеринин өзгөчө эмгек

шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Өзгөчө  шарттарда  колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

     - преамбуладагы  "Өзгөчө  шарттарда  колдонулуучу жумуштарга эмгек

акы төлөө жөнүндө" 219-статьясына" жана "Зыяндуу же кооптуу шарттардагы

иштерге жана  оор  жумуштарга  эмгек акы төлөө жөнүндө" 227-статьясына"

деген сөздөр жана сандар "164 жана 224-статьяларына" деген сөздөргө жа-

на сандарга алмаштырылсын;

     - 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

     "- Өзгөчө шарттарда иштегендердин кызматтык маяналарына үстөк бел-

гилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмеси.";

     - 3-пункттагы  "Финансы  министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана

финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - 5-пункттагы  "социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр

"социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын;

     - аталган  токтом  менен  бекитилген Өзгөчө шарттарда колдонулуучу

жумуштарга эмгек  акы  төлөө тартибинин 5-пунктту төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

     "5. Өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөө эмгек шарттарынын зы-

яндуулук даражасына жараша кызматтык маянага (тарифтик ставкага) пайыз-

дык катышта, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15

проценттен жана  эмгек  шарттары  өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон

жумуштарга 30 проценттен кем эмес белгиленет.";

     - аталган  токтом  менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендердин

кызматтык маяналарына  үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын тип-

түү тизмесинде "Коммуналдык-тиричиликтик тейлөө ишканалары" деген бөлү-

мүнүн I бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:

     "29. Мүрзө  казуу,  сөөк жана сөөктүн калдыктарын коюу, эксгумация

боюнча иштер.".

     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

     3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

      Премьер-министри                                       Ф.Кулов