Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-марты N 74
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз
Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык
кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын
санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин
камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын
6-июнундагы N 329 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" 2005-жылдын 30-декабрындагы N 639 токтомуна, "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" 2006-жылдын 30-июнундагы N 473 токтомуна, "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 702 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук базаны, республиканын калкынын саламаттыгын сактоого багытталган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун андан ары өнүктүрүү, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо, калктын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү продукцияны керектөө рыногуна чыгарбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: