Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы № 229, 2007-жылдын 23-августундагы № 359, 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга карата республикалык бюджети жөнүндө, "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Түшүнүктөр жана терминдер
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
мамлекеттик ипотекалык сертификат - мамлекеттик ысымдуу баалуу кагаз, ал Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке турак үй куруу, реконструкциялоо үчүн мамлекеттик субсидия алууга укуктарын күбөлөндүрөт жана гарантиялайт;
мамлекеттик субсидия - табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган адамдарга аймактык комиссиялардын тизмеси менен гана төмөнкүдөй жолдор менен мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн финансылык колдоо жана жардам: турак үйлөрдүн курулушун каржылоо; же ипотекалык ссуда берүү жолу менен турак үйлөрдүн курулушун кошо каржылоо; же бир жолку аксыз жардам берүү;
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ипотекалык ссуда - мамлекет милдеттүү түрдө кайра төлөө шарты менен, төлөө мөөнөтүн үч жылга чейин кийинкиге калтырып жыйырма жылга чейин мөөнөткө берүүчү процентсиз, күрөө менен камсыздалган узак мөөнөттүү заем;
жабыркаган адам - табигый кырсыктардан жабыркап жана өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык комиссиялардын тизмелерине киргизилген турак үйдүн ээси болгон үй-бүлө мүчөсү.
карыз алуучу - ипотекалык кредит же ипотекалык ссуда алуучу жабыркаган адам;
транш - Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга турак үй куруу үчүн республикалык бюджеттин каражатынан берилүүчү ипотекалык ссуданын суммасынын бир бөлүгү.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Турак жай курулушун каржылоону камсыздоо жана мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу
3. Турак жай курулушун каржылоо булактары төмөнкүлөр болот:
- республикалык бюджет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти берген тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал белгилеген тартипте ишке ашырылат.
Мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды даярдоо, тындыруу жана табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жеке жактарга акча каражатын төлөп берүү боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө үчүн каражаттар, ошондой эле сертификаттарды берүү, мамлекеттик субсидияларды тариздөө бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында "Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар" статьясы боюнча белгиленген тартипте каралат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго (мындан ары - Фонд) жабыркаган жактарга берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)