Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 7-июну № 214

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт

          каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу

        тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын

        23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын жарандары жана автотранспорт каражаттарынын

ээлери  үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат.

     1. "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын

каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомунун 3-пункту төмөнкүдөй

редакцияда берилсин:

     "3. Ички  пайдалануу  жана  КМШ өлкөлөрү үчүн айдоочулук күбөлүктү

берүү боюнча бланка  үчүн  акы  төлөөнү  кошо  алганда  7  АКШ  доллары

өлчөмүндө,  эл  аралык  үлгүдөгү айдоочулук күбөлүккө (тышкы пайдалануу

үчүн) - 25 АКШ доллары өлчөмүндө жана  автотранспорт  каражатын  каттоо

жөнүндө  күбөлүккө  -  8,5  АКШ доллары өлчөмүндө 2007-жылдын 1-июнунан

тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы белгиленсин.".

     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө

жүктөлсүн.

 

      Премьер-министр                                    А.Атамбаев