Редакцияот 17.08.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу № 337                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин                  Кара-Көлдөгү инженердик факультетин                И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик                 техникалык университеттин карамагына                            өткөрүү жөнүндө      Энергетика тармагына  инженердик кадрларды даярдоонун сапатын жак-шыртуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин  Кара-Көлдөгүинженердик факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын,  кызматчы-ларынын жана студенттеринин сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгү  инженердикфакультети  университеттин курамынан чыгарылып И.Раззаков атындагы Кыр-гыз мамлекеттик техникалык университеттин карамагына  өткөрүлүп  берил-син.     2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:     Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгү инженердик фа-культетин бир айлык мөөнөттө  И.Раззаков  атындагы  Кыргыз  мамлекеттиктехникалык  университетинин карамагына өткөрүп берүүнү белгиленген тар-типте ишке ашырсын;     - материалдык,  кадрдык  жана  окуу-усулдук  камсыздоо маселелеринчечсин;     - өздөрүнүн  чечимдерин  ушул токтомго ылайык келтирсин жана зарылчараларды көрсүн.     3. "Жалал-Абад  шаарында  мамлекеттик  университет  түзүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 2-апрелиндеги Жарлыгынишке  ашыруу  боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1993-жылдын 10-майындагы № 197 токтомуна төмөндөгүдөй  өзгөртүү  кирги-зилсин:     - Жалал-Абад мамлекеттик университети базасында түзүлгөн окуу жай-лардын  тизмесиндеги  "Кыргыз  техникалык  университетинин Кара-Көлдөгүкечки факультети" деген сөздөр алып салынсын.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн" Аппаратынын  билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев