Редакцияот 24.08.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 366                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы              Элчилигин жайгаштыруу үчүн Ашгабат шаарында                       имарат сатып алуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигин менчик имарат ме-нен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Респуб-ликасынын Түркмөнстандагы  Элчилигин  жайгаштыруу үчүн Ашгабат шаарындаимарат сатып алууга уруксат берилсин.     2. Имаратты  сатып  алууга  жана  тариздөөгө байланыштуу чыгашаларКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республи-касынын чет өлкөлүк мекемелеринин консулдук жана башка кызмат көрсөтүү-лөрдөн түшкөн каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.     3. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети имарат сатып алынгандан кийин сатып алынган кыймылсызмүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги катары каттасын.     4. Кыргыз  Республикасынын  Түркмөнстандагы  Атайын  жана  Ыйгарымукуктуу Элчисине сатып алуучунун атынан имаратты сатып алуу-сатуу кели-шимине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев