Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 1-октябры № 440

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

          ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар

                                жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)

 

     "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын

конституциялык Мыйзамына,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

25-июлундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү

жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

    

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомуна

       ылайык күчүн жоготту)

     2. Кыргыз  Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын даярдалчу

мыйзам долбоорлордун  сапаты жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилигин жо-

горулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоор-

лордун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өз учурунда өтүшүн кам-

сыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленсин:

     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешиндеги Туруктуу өкүлү:

     Кыргыз Республикасынын  аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери-

нин Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кењешине кароого жиберилген мыйзам

долбоорлордун өтүшү  жана  пландалып  жаткан мыйзам долбоорлору жөнүндө

маалыматтарын угуу  үчүн  квартал  сайын  Кыргыз Республикасынын Премь-

ер-министринде кењешмелерди уюштурат;

     Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарынын  долбоорлорун даярдоо боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин пландоону координациялайт;

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењеши  кезексиз  тартипте карашы

үчүн Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган кечикти-

рилгис мыйзам долбоорлордун тизмесин түзөт;

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин кароосуна  жиберген  мыйзам  долбоорлордун актуалдуулугуна талдоо

жүргүзөт жана зарыл учурда аларды кайра сурап алуу демилгесин көтөрөт;

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоорлордун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өтүшүнө мониторинг жүргүзөт;

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу демилгесинин Кыр-

гыз Республикасынын  Жогорку Кењешиндеги өтүшүнө байланыштуу маселе бо-

юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн ишин координа-

циялайт;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо

жана кадрдык  кызмат бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да-

ярдалган мыйзам  долбоорлорго  белгиленген  тартипте укуктук экспертиза

жүргүзөт;

     - Кыргыз  Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги Туруктуу өкүлү

менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү жылга

мыйзам долбоорлоо  ишинин пландарын түзүп, жалпылайт жана алардын атка-

рылышын контролдойт.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-февралындагы №

68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешиндеги Туруктуу  өкүлү  - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

кењешчиси жөнүндө  жобону  бекитүү  тууралуу" токтому күчүн жоготту деп

эсептелсин.

 

      Премьер-министр                                     А.Атамбаев