Редакцияот 01.10.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 1-октябры № 442                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин        милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы          Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз           Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы           № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду                           киргизүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн адистерди даяр-доонун натыйжалуулугун  жогорулатуу  максатында  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасынын  Ички  иштер министрлигинин милициянынгенерал-майору Алиев  Эргеш  Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобонубекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майын-дагы №  256  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин милициянын  генерал-майору  Алиев Эргеш Алиевич атындагыакадемиясы жөнүндө  жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-гизилсин:     - бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "студенттер" дегенсөздөр алып салынсын;     - 1-бөлүмдүн 1.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац  менентолукталсын:     " - жалпы орто билимдин базасында кесиптик орто билим берүү  мененадистерди даярдоо;"     - 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын:     " -  бюджеттик  негизде  күндүзгү окуу формасы боюнча, ошондой элебюджеттик жана  контракттык  негизде  сырттан  окуунун  формасы  боюнча(угуучулар) ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактарыүчүн толук жогорку юридикалык билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү;";     - 3-бөлүмдүн 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац  ме-нен толукталсын:     " - тийиштүү түрдө бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жа-на сырттан  окуу  формасы боюнча жалпы орто билимдин базасында кесиптикорто билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү".     2. Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн норматив-дик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.        Премьер-министр                               А.Атамбаев