Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-октябры № 443 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Карасуу районунун Мады айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Карасуу районунун Мады айыл-дык кењешинин аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынын социалдыкмаселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ка-расуу районунун Мады айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарынкењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 90,2 га же-рин, анын ичинде 60,9 га сугат айдоосун, 24,3 га көп жылдык өсүмдүктөрбаскан жерин, 5,0 га кайрак айдоосун берүү жөнүндө сунушу кабыл алын-сын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - Ош шаарынын калктуу конуштарынын жанындагы жерлерине шаар куруучечимдерин эске алуу менен калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүнберилген жер участокторуна курулуш курууга шаар куруу документтерин иш-теп чыксын; - жер участокторго укук берүүнү жана жер участокторун бөлүүнү шааркуруу документтери белгиленген тартипте бекитилгенден кийин ишке ашыр-сын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев