Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-октябры № 447 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош шаарында спорттук интернат мектеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасында спорттук кыймылды андан ары өнүктүрүү жанаолимпиялык резерв даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тик Ош шаарында дене тарбия боюнча облустук балдар-өспүрүмдөр клубунунбазасында спорттук интернат мектеп ачсын. 2. Ош шаарындагы спорттук интернат мектептин окуу корпусунун, жа-таканасынын жана 400 орундуу тамактануу блогунун курулушуна заказчы бо-луп Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш баш-кармалыгы аныкталсын. 3. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулушбашкармалыгы ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди куруугатийиштүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн 2007-жылгареспубликалык бюджеттин чегинде каражат тапсын; - 2008-жылга бюджетте долбоордук-сметалык документтерде каралганкөлөмдөгү курулуш үчүн каражат караштырсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырыл-сын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев