Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 токтому менен бекитилген Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оору-лар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп сектор-дуу координациялык комитет (мындан ары - Өлкөлүк комитет) өзүнүн ишинтөмөнкүдөй багыттарда коомдук негизде жүргүзүүчү координациялык органболот, алар: - адамдардын жана жаныбарлардын арасындагы социалдык мааниге ээжана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү, эпидемия-ларды, эл арасындагы жапырт ууланууларды локалдаштыруу жана жоюу боюнчакечиктирилгис иштерди өз убагында уюштуруу; - инфекциялык ооруларга каршы күрөш боюнча иш-чараларга тартылганминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомст-волордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,эл аралык, коммерциялык эмес, диний жана билим берүүчү уюмдардын, жал-пыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык сектордун, ошондой эле мен-чигинин формасына карабастан башка юридикалык жактардын иштерин коорди-нациялоо жана оптималдаштыруу. 2. Өлкөлүк комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыла-рына, башка нормативдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасы катышканэл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле ушул Жобоготаянат. II. Негизги милдеттери 3. Өлкөлүк комитеттин негизги милдеттери: - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга, анын ичинде ВИЧ/СПИДге, кургакучукка, безгекке, куш тумосуна жана башкаларга каршы күрөштүн комплекс-түү жана туруктуу системасын түзүү; - мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын, жарандык сектордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралыкдонор уюмдардын социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар ара-сындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөш жана алдыналуу тармагындагы иштерин координациялоонун натыйжалуулугун жогорула-туу; - эпидемиялардын, пандемиялардын, социалдык мааниге ээ жана адам-дар жана жаныбарлар арасындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар-дын көбөйүү коркунучуна жооп катары улуттук даярдыкты күчтөндүрүү. III. Функциялары 4. Өлкөлүк комитет ага тапшырылган милдеттерге ылайык төмөнкүдөйфункцияларды аткарат: - социалдык мааниге ээ (ВИЧ/СПИД, кургак учук, безгек жана башка-лар) жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өзгөчө коркунучтуу инфек-циялык ооруларга (бруцеллез, күйдүргү, куш тумоосу жана башкалар) каршыкүрөш боюнча, айрыкча өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда же өзгөчөкырдаал түзүлгөндө кечиктирилгис иш-чараларды жалпы координациялайт; - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөш боюнча иш-чаралардыжүргүзүүдө приоритеттерди аныктайт; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эл арасында санитардык-эпидемио-логиялык жана эпизоотиялык кырдаалдын начарлашы менен шартталган инфек-циялык оорулардын жана тамактан уулануулардын жапырт чыккан учурлары,аларды жоюу боюнча чаралар жана карантиндик-чектөөчү иш-чаралардын уюш-турулганы жөнүндө маалымдайт; - жаралган өзгөчө кырдаалды жайгаруу үчүн "Өзгөчө кырдаал жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кечиктирилгис иштерди уюштуратжана координациялайт; - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча тийиштүүминистрликтердин жана ведомстволордун арасында өнөктүктү, ошондой элеэл аралык, региондук кызматташууну өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт; - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча сунуштардыжана стратегиялык пландардын долбоорлорун карайт; - техникалык секторлордун жетекчилеринин иш пландарын бекитет жанаотчетторун угат; - зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, менчигинин формасына карабастан ишкана-лардын, бирикмелердин жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын эпиде-мияга каршы жана эпизоотияга каршы конкреттүү иштерди аткаруу үчүн ко-шумча тартат; - региондук координациялык комитеттердин иштерин жетектейт жанакоординациялайт; - инфекция чыккан жерде карантиндик-чектөөчү чараларды киргизетжана алат; - инфекциянын чордонун жоюу боюнча убактылуу комитетти жана аныниш планын бекитет; - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөш боюнча программалар-ды ишке ашыруунун жүрүшүн байкоого алат жана аткарылган иштердин натый-жалуулугуна баа берет; - Өлкөлүк комитеттин милдеттеринин жана функцияларынын чегиндеКыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген иш-тин башка түрлөрүн жүргүзөт. IV. Укуктары 5. Өлкөлүк комитет өз функцияларын аткаруу максатында төмөнкүдөйукуктарга ээ: - Өлкөлүк комитеттин жана региондук координациялык комитеттердинмүчөлөрүнөн жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды, социалдыкмааниге ээ жана инфекциялык ооруларга каршы күрөшкө республикалык бюд-жеттин жана эл аралык донор уюмдардын долбоорлорунун эсебинен бөлүнгөнкаражаттардын иштетилгени жөнүндө финансылык отчетторду суроого; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана техникалык сектор-лордун жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан санитардык-эпидемиология-лык жана эпизоотиялык абалдын начарлашынын шартында эл арасындагы жа-пырт инфекциялык оорулар чыккан жана тамактан ууланган жана жаныбарларарасында жугуштуу оорулар чыккан учурлар, өзгөчө кырдаалдардын пайдаболгону жана алардын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды, инфекциялык оо-рулардын алдын алуу боюнча алар тараптан көрүлгөн чаралар, санитар-дык-профилактикалык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш-чара-лардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угууга; Өлкөлүк комитеттин жыйы-нында инфекциянын чордонун, аварияларды, өзгөчө кырдаалдардын кесепет-терин жоюу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселелердикароого жана анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алууга; - эл арасында инфекциялык оорулардын эпидемиялары, тамактан жалпыууланган учурлар жана жаныбарлардын эпизоотиясы чыгышына күнөөлүү адам-дарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрация-лык жана тартиптик жаза чараларын колдонууга, зарыл болсо кылмыштыкжоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды укук коргоо органдарына жибе-рүүгө; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын же-текчилеринин эл арасындагы чыккан эпидемияларды же тамактан жалпы уу-ланган учурларды жаюу, локалдаштыруу жана эл арасында эпидемиялардынжана жаныбарлардын эпизоотиясынын алдын алуу боюнча чара көрбөгөнү үчүнжоопкерчилиги жөнүндө маселелерди Кыргыз Республикасынын Премьер-минис-тринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, минист-рликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомст-волорунун жетекчилеринин кароосуна киргизүүгө. V. Өлкөлүк комитеттин структурасы жана ишинин уюштурулушу 6. Өлкөлүк комитеттин курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беки-тет. 7. Өлкөлүк комитеттин иши жыйын формасында болот, аны төрага, алэми төрага жок учурда анын орун басарларынын бири башкарат. 8. Өлкөлүк комитеттин жыйындары планга жараша, ал эми эпидемиялыкже эпизоотиялык кырдаал түзүлсө - шашылыш түрдө өткөрүлөт. Кезексизжыйын үчүн Президиумдун же атайын ыйгарым укуктуу органдардын Өлкөлүккомитеттин жыйынында токтоосуз кароону талап кылган шашылыш билдирүүлө-рү негиз болот. 9. Өлкөлүк комитеттин жыйынында протокол түзүлөт. 10. Өлкөлүк комитеттин чечимдери жыйында Өлкөлүк комитеттин мүчө-лөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда Өлкөлүк комитеттин катышкан мү-чөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат, мамлекет-тик бийликтин жана администрациялык ведомстволордун бардык структурала-ры, менчигинин формасына карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелер-дин жетекчилери милдеттүү аткарууга тийиш болгон токтом түрүндө чыгары-лат. 11. Өлкөлүк комитеттин курамына Өлкөлүк комитеттин жети мүчөсүнөнтурган Президиум кирет, ал Өлкөлүк комитеттин жалпы курамынын добушта-рынын көпчүлүгү менен шайланат. 12. Президиум жыйындарды зарылдыгына жараша, Өлкөлүк комитеттинжыйындарынан тышкары иш-чараларды оперативдүү координациялоону камсыз-доо жана иштин жыйынтыктарын көзөмөлдөө үчүн өткөрөт. Кезектеги жыйын-дардын даталары мурунку жыйында талкууланат жана протоколго киргизилет; - кезексиз жыйындар кезектүү жыйындардын аралыгында Секретариаттынсунушу боюнча, Өлкөлүк комитеттин төрагасынын жана Президиумдун мүчөлө-рүнүн макулдуктары менен чакырылышы мүмкүн. Президиумдун мүчөлөрүнө ке-зексиз жыйындар жөнүндө иш тартибинде кабарланат; - Өлкөлүк комитеттин кайсы мүчөсү болсо да Секретариатка Президи-умдун жыйынынын күн тартиби боюнча сунуштарды бере алышат; - Президиумдун жыйындарында кабыл алынган чечимдер Президиумдунмүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса укук ченемдүү деп эсептелет жанаПрезидимдун катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабылалынат. 13. Өлкөлүк комитеттин Президиуму төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - Өлкөлүк комитеттин Секретариат жана саламаттык сактоо, агроөнөр-жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу, социалдык коргоо жана башкачөйрөлөрдө иштеген башка координациялык органдар менен өз ара байланыш-та иштешүүсүн камсыздайт; - социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы өз-гөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөш боюнча техникалыксекторлордун жетекчилери киргизүүчү сунуштарды жана стратегиялык план-дардын долбоорлорун карайт жана жактырат жана аларды Өлкөлүк комитеткебекитүүгө берет; - техникалык секторлордун иштерин координациялайт жана баа берет,алардын иш пландарын бекитет жана алардын иштери жөнүндө отчеттордуугат; - Өлкөлүк комитеттин жыйындарында кабыл алынган чечимдерге ылайыкӨлкөлүк комитеттин координациялоочу ишмердигин камсыздайт; - эпидемияларга жана эпизоотияларга каршы күрөшүү боюнча иштикоординациялоо максатында техникалык секторлордун жетекчилеринен маалы-мат сурайт. 14. Өлкөлүк комитеттин жумушчу органы - Секретариаты (мындан арыСекретариат) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигининжана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министр-лигинин тийиштүү бөлүмдөрү болушат. 15. Өлкөлүк комитеттин Секретариаты төмөнкүдөй функцияларды атка-рат: - Өлкөлүк комитеттин жана Секретариаттын жыйындарын пландоо, уюш-туруу жана өткөрүү боюнча иштерди аткарат; - Өлкөлүк комитеттин иш пландарын даярдайт жана аларды Өлкөлүк ко-митеттин Президиумунун бекитүүсүнө киргизет; - Өлкөлүк комитеттин катышуучуларына Өлкөлүк комитеттин жана Өлкө-лүк комитеттин Президиумунун жыйындарында кабыл алынган чечимдер жанабашка актылар жөнүндө, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдердин ат-карылышы жөнүндө маалымат берет; - документтерди тариздейт, Өлкөлүк комитеттин ишинин маселелерибоюнча Президиумдун жана техникалык секторлордун мүчөлөрү менен кат жа-зышууну ишке ашырат; - секторлор жана жумушчу топтор үчүн Өлкөлүк комитеттин Президиу-муна бекитүүгө киргизилчү техникалык тапшырмаларды даярдоого көмөк көр-сөтөт. 16. Өлкөлүк комитет региондук дењгээлде өзүнүн ишин Өлкөлүк коми-теттин Президиуму бекитүүчү Региондук комитеттер жөнүндө жобонун неги-зинде иштөөчү региондук координациялык комитеттер аркылуу жүргүзөт. 17. Өлкөлүк комитеттин курамында 5 техникалык сектор болот. Техни-калык секторлор Өлкөлүк комитеттин Президиуму бекитүүчү жоболордун не-гизинде иштешет. Техникалык секторлордун персоналдык курамы Өлкөлүк ко-митеттин Президиумунун жыйынында бекитилет. Техникалык секторлор өз иш-терин төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүшөт: - саламаттык сактоо жана социалдык коргоо боюнча сектор - социал-дык мааниге ээ жана адамдар арасындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялыкоорулардын алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча долбоордук сунуштардыжана стратегиялык пландарды иштеп чыгат, эпидемиологиялык көзөмөлдүуюштурат; - информация, билим берүү жана коммуникациялар боюнча сектор оку-туунун бардык дењгээлдери үчүн окуу программаларын иштеп чыгат жанакиргизет, коомчулукка социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаныбарларарасындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү чара-лары жөнүндө ыкчам маалымдайт; - коргонуу жана укук коргоо органдары боюнча сектор - укук коргоожана коргонуу органдарынын социалдык мааниге ээ жана адамдар жана жаны-барлар арасындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрө-шүү жана алдын алуу боюнча кадрларын даярдоо ишин уюштурат; - мониторинг жана баа берүү боюнча сектор - Кыргыз Республикасындаколдонулуучу программаларды, долбоорлорду жана социалдык мааниге ээ жа-на адамдар жана жаныбарлар арасындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялыкооруларга каршы күрөш боюнча иш-чараларды мониторингдөөнүн бирдиктүүсистемасын түзүүнү жана киргизүүнү ишке ашырат; - ветеринария боюнча сектор - эпизоотияларды көзөмөлдөйт, зооант-ропоноздордун алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чы-гат.