Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 18-октябры № 473 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуумамилелерин андан ары кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөр-дөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр киргизилсин: - 1-пункттагы "175,5" жана "2631,8" деген сандар тийиштүүлүгүнөжараша "178,5" жана "2884,7" деген сандар менен алмаштырылсын; - № 9 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берил-син. 2. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинекошумча бирдиктерди киргизүүгө байланышкан чыгымдар 2007-жылга КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн каралган каражаттардынэсебинен жүргүзүлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 473 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ (айына АКШ доллары менен) -----------------------------------------------------------------------| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин | Кызматтык маяна || | саны | ||-----------------------------|----------------|----------------------||Элчи | 1 | 1600 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Кењешчи | 4 | 1432 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Биринчи секретарь | 2 | 1272 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Экинчи секретарь | 1 | 1192 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Атташе | 2 | 1032 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Бухгалтер - кењсе башчысы | 1 | 1112 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Чарба башчысы-айдоочу | 0,5 | 800 ||-----------------------------|----------------|----------------------||Бардыгы: | 11,5 | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов