Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 18-октябры № 474 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Рынокту аштык буудай, ун жана өсүмдүк май менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын 4-пунктунуннегизинде, Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо,экономикадагы күтүлбөгөн кырдаалдардын алдын алуу жана ички рынокту аш-тык буудай, ун жана өсүмдүк май менен камсыздоо боюнча мамлекеттик сая-сат жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай, ун жана өсүмдүкмай импорттоодо кошумча наркка салыктын ставкасы 10 процент өлчөмүндөбелгиленсин (ТЭИ ТН 1001, 1101 жана 1512 товардык позициялары (1001 90100 0, 1001 90 910 0, 1512 11 100 0, 1512 19 100 0, 1512 21 100 0, 151229 100 0 дөн башкалары). 2. Ун, нан азыктарды жана өсүмдүк май өндүрүүдө жана берүүдө ко-шумча наркка салыктын ставкасы 10 процент өлчөмүндө белгиленсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маалымдоокатары жиберилсин. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев