Редакцияот 30.10.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-октябры № 522                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик                   университетин Кыргыз экономикалык               университетине өзгөртүп кайра атоо жөнүндө      Жогорку кесиптик  билим  берүүнү башкаруу системасын андан ары өр-күндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жа-на илим  министрлигинин Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик уни-верситетин өзгөртүп  кайра  атоо жөнүндө сунушун эске алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Бишкек  мамлекеттик экономика жана ишкердик университети Кыргызэкономикалык университетине өзгөртүп кайра аталсын.     2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:     - ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;     - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.      Премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                                А.Атамбаев