Редакцияот 05.11.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-ноябры № 532                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын       23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин       депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө"                     Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №465 "Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөнмурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, шайлоо комиссиялары-на көмөк  көрсөтүү  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат:     1. Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтү-нөн мурда  шайлоого  даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалыкмаселелерди чечүүгө  шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тирке-меге ылайык курамда Республикалык штаб түзүлсүн.     2. Облустардын,  райондордун  мамлекеттик  администрация башчыларыжана шаарлардын мэрлери:     - уюштуруу  жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоокомиссияларына көмөк  көрсөтүү  үчүн  облустук,  райондук  жана шаардыкштабдарды түзүшсүн;     - шайлоо  комиссияларын тийиштүү жайлар, байланыш каражаты, транс-порт, электр энергиясы менен камсыз кылышсын;     - шайлоо  комиссияларына Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана ре-ферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планы-на ылайык шайлоочулардын такталган тизмелерин өз убагында беришсин;     - жарандардын  сын  пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоокомиссияларынан түшкөн сунуштарды өз убагында кароону уюштурушсун.     3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары шайлоокомиссияларына шайлоолорду  даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерине ар та-раптан жардам көрсөтүшсүн.     4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, КыргызРеспубликасынын "ЭлТР  - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компания-сына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркинтоо" газеталарынынредакцияларына Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин депутаттарынмөөнөтүнөн мурда  шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн ча-гылдыруу сунуш кылынсын.     5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоону даярдоо-нун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жа-на эркиндиктерин  камсыздоо,  коомдук тартипти сактоо, шайлоону өткөрүүубагында шайлоо  участокторун кайтаруу жана шайлоо участокторуна шайлообюллетендерин ташуу  жана  жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чара-ларды көрсүн.     6. Кыргыз  Республикасынын  Финансы министрлиги кийин "Кыргыз Рес-публикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын  Мыйзам  долбоорун белгиленген тартипте киргизүүменен Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөнмурда шайлоону  өткөрүүгө зарыл финансы каражаттарын республикалык бюд-жеттен Кыргыз  Республикасынын  Шайлоолор  жана референдумдарды өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүүнү камсыздасын.     7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети мененбирдикте:     - республиканын  чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн;     - республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-лоочуларынын такталган  тизмесин  Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жанареферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин;     - республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-лоочуларына шайлоого катышуу үчүн зарыл шарттарды түзсүн.     8. Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө  кырдаалдар  министрлиги шайлооучастокторуна бөлүнгөн  бардык жайларды өрт коопсуздугуна карата текше-рүү жүргүзсүн.     9. Шайлоо өткөн күнгө карата төмөнкүлөр сунуш кылынсын:     - "Кыргызтелеком"  ачык  акционердик  коомуна - телерадио берүүнүнүзгүлтүксүз ишин камсыздоо;     - "Чыгыш  электр",  "Түндүк  электр",  "Ош электр" жана "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна - электр энергиясын үзгүлтүксүз бе-рүүнү камсыздоо.     10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:     - "Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоонууюштуруучулук жана  материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жө-нүндө" Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы №932 токтому;     - "Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрын-дагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткө-рүү жөнүндө"  Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 токтому.     11. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппарат  жетекчисинин  - министрдин милдетин аткаруучуга жүк-төлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин      милдетин аткаруучу                                 А.Атамбаев                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                           2007-жылдын 5-ноябрындагы                                                № 532 токтомуна                                                    тиркеме          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын       мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө     уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына              көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын                                КУРАМЫ      Атамбаев А.Ш.    - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мил-                        детин аткаруучу, штабдын төрагасы;     Нур уулу Досбол  - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин                        милдетин  аткаруучу,  штабдын  төрагасынын орун                        басары;     Исмаилов М.А.    - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек-                        чисинин - министрдин милдетин аткаруучу,  штаб-                        дын төрагасынын орун басары.                            Штабдын мүчөлөрү:      Абдраимов Т.Д.   - Кыргыз Республикасынын  саламаттыкты сактоо ми-                        нистринин милдетин аткаруучу;     Жолдошев К.Н.    - Кыргыз Республикасынын  Президентинин Админист-                        рациясынын  уюштуруу  иштери  жана  мамлекеттик                        башкаруу  саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу                        боюнча);     Жунушалиев Т.Ш.  - Кыргыз Республикасынын  өзгөчө  кырдаалдар  ми-                        нистринин милдетин аткаруучу;     Жапаров А.Ү.     - Кыргыз Республикасынын финансы министринин мил-                        детин аткаруучу;     Карабаев Э.Ө.    - Кыргыз Республикасынын  тышкы иштер министринин                        милдетин аткаруучу;     Ногойбаев Б.Б.   - Кыргыз Республикасынын  ички  иштер министринин                        милдетин аткаруучу;     Осмоналиев К.О.  - Кыргыз Республикасынын  билим  берүү  жана илим                        министринин милдетин аткаруучу;     Рыскулова А.М.   - Кыргыз Республикасынын  Миграция  жана ишке ор-                        ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрага-                        сынын милдетин аткаруучу;     Сулайманов Н.Ч.  - Кыргыз Республикасынын транспорт жана  коммуни-                        кациялар министринин милдетин аткаруучу;     Суталинов М.А.   - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук  ко-                        опсуздук комитетинин төрагасынын милдетин атка-                        руучу;     Чудинов И.В.     - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жа-                        на отун ресурстары министринин милдетин аткару-                        учу;     Мукамбетов М.К.  - Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн   Аппаратынын                        уюштуруу-инспектордук   иштер   жана   аймактык                        өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;     Иминов М.С.      - Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн  Аппаратынын                        укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн                        башчысы;     Султанбеков А.С. - Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн   Аппаратынын                        уюштуруу-инспектордук   иштер   жана   аймактык                        өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору,  штабдын катчы-                        сы.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат     жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучу      М.Исмаилов