Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-ноябры N 542 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө 2007-жылы бюджетти сапаттуу аткаруу максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга рес-публикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгансалыктык жана башка төлөмдөрдүн бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз-дашсын. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - уюмдар, мекемелер, ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдаржана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка максатка пайдала-нышкан бюджеттик каражаттар тийиштүү бюджеттерге алынууга тийиш; - эгер карыз каражаттарды кайра төлөө боюнча кредиттик документ-тердин шарттарында башкача каралбаса, кайтарымдуу негизде берилген бюд-жеттик каражаттарды өз убагында кайтарбагандык, ошондой эле аларды пай-далангандык үчүн проценттерди төлөөнү кечиктирүү мамлекеттик колдоонунбардык формаларын кыскартууга же токтотууга, Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын колдонуудагы эсептик ставкасынын эки эсе өлчөмүндөайып салууга негиз болот; - уюмдарга, мекемелерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга жанажергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына берилген бюджеттик ссуда-ларды, кредиттерди, ошондой эле ал каражаттарды пайдалангандык үчүнакыны төлөө бюджетке милдеттүү төлөмдөргө тењештирилет жана биринчи ке-зекте ишке ашырылат. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор. аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү программалык кредит-терди алуу жөнүндө макулдашууларда каралган шарттардын аткарылышына ка-туу контроль орнотушсун, ал үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жанаай сайынкы отчеттуулугун белгилешсин; - жылуулук жана электр энергиялардын 2007-жылга карата белгиленгенлимитин катуу сакташсын. Лимиттен ашкан учурда бюджеттик уюмдардын же-текчилерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык админист-рациялык таасир этүү чаралары колдонулат; - эмгек акы боюнча 2007-жылга карата белгиленген лимитти катуусакташсын, эмгек акы төлөө фондунун лимитинен ашкандык үчүн бюджеттикмекемелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтерин аныкташсын; - бюджеттин кирешелери боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши бекиткен көрсөткүчтөрдү кыскартуу өтүнүчү менен кайрылган учурдаалынбай калуучу кирешелердин ордун жабуунун башка булактарын табышсын; - чыгымдардын корголгон статьяларын каржылоо үчүн жоопкерчиликтижогорулатышсын. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары жергиликтүү бюджеттердин2006-жылы толук каржыланбай калган айрым топтор боюнча сарптоолоруналардын 2007-жылга карата бюджеттеринде каралган ассигнованиелердинэсебинен жана чектеринде компенсациялашсын. Коммуналдык кызматтар жанааткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн карыздын өз убагында жою-лушуна контроль орнотушсун. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюд-жети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөйтүшүүлөргө контролду камсыздасын: - ишканалардагы акциялардын мамлекеттик үлүшүнө дивиденддерге; - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө; - мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн ижаралык төлөмгө. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казына-лыгы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин Суу чарба департаменти жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюн-ча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде жого-руда аталган ведомстволор отундук-материалдык баалуулуктар түрүндөалуучу жана сарптоочу атайын каражаттардын кирешелеринин жана чыгымда-лышынын көлөмдөрүн эсепке алуу механизмин иштеп чыксын жана бекитсин. 7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алганжана "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген көрсөткүчтөргө ылайыкчарбакер субъекттерге кредитке берилген бюджеттик ссудалардын жана четөлкөлүк кредиттердин кайра төлөнүшүн камсыздасын. 8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Өзгөчө кырдаалдардыжоюу фондуна 2007-жылы негизги мамлекеттик программалар жана иш-чараларбоюнча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун долбоорун биржумалык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин. 9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 1995-1996-жылдардаалынган бюджеттик ссудаларды төлөөгө каралган суммаларды "Кыргыз Рес-публикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамы менен бекитилген чектерде которууну камсыздоо сунуштал-сын. 10. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-стволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө-гү мекемелеринен башкаларга атайын каражаттарды Казыналык системасынаттап өтүп пайдаланууга тыюу салышсын. Бул тартип бузулса атайын кара-жаттын 50 проценти тийиштүү дењгээлдеги бюджеттин кирешесине алынат; - мектептердин утурумдук ремонту жана окуу китептердин ижарасыүчүн ата-энелерден акы алууга тыюу салышсын; - жергиликтүү бюджеттердин 2007-жылга карата бюджеттик классифика-циянын: эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна взностор,медикаменттер, тамактануу, стипендиялар жана башка социалдык төлөмдөрсыяктуу элементтеринин жана статьяларынын чыгымдарын биринчи кезектекаржылашсын; - бюджеттик классификациянын бул статьяларын жана элементтерин өзубагында жана толук каржылоо үчүн жоопкерчилик тийиштүү министрликтер-дин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлсүн. 11. Бюджеттер аралык мамиленин эки дењгээлдүү системасына өтүүгөбайланыштуу: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - бюджеттик мекемелерди "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга респуб-ликалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каржы-лоону караштырсын; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкүлөрдү камсыздасын: республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жүрүшүжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын маалымат берүүнү; "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 15-статьялары менен белгилен-ген сарптоолордун артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жумшалчу катего-риялык гранттарды, кирешелерди тењештирүү үчүн гранттарды максаттуупайдаланууну; - мамлекеттик жана коммуналдык менчик болуп эсептелбеген чарбакерсубъекттердин балансында турган обьекттердин курулушун жана реконструк-циясын каржылоого тыюу салсын; - республикалык бюджетте эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Соци-алдык фондуна, медикаменттерге, тамактанууга, пособиелерге, стипендия-ларга, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которууларга, ошон-дой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана баалуу кагаздар боюнчакаралган сарптоолордун өз убагында жана толук каржыланышын камсыздоочучараларды көрсүн. 12. Төмөнкүлөр белгиленсин: - коомдук уюмдарды жана чыгармачыл союздарды, өз алдынча коллек-тивдерди (элдик, музыкалык, драмалык жана башка театрларды) каржылооөздүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат; - сот органдарынын чечимдерине жараша жеке адамдардын аткаруу ба-ракчалары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтердин жана ведомстволор-дун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууга тийиш; - сот органдарынын чечимдерине жараша аткаруу баракчалары боюнчатөлөөлөр республикалык бюджеттин каражатынан кезектүүлүк тартибиндежүргүзүлүүгө тийиш; - өтүп жаткан жылда кабыл алынган мыйзамдык жана нормативдик акты-лар боюнча кошумча финансылык ресурсту талап кылган сарптоолор кийинкижылдын бюджетинде каралат. 13. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү,сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттик 2007-жылы ликер-аракичимдиктерди 1800,0 мињ дал кем эмес көлөмдө чыгарууну камсыздасын. 14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыр-гыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев