Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 14-ноябры № 547 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарында 2007-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө" жана
"КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Бишкек шаарында 2007-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Экономи-калык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосун-дагы тиркелген макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө латвия тарапка билдирсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев