Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 538 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Негизги максаттары жана милдеттери III. Негизги функциялары IV. Мамматрезервдер фондунун укуктары V. Мамматрезервдер фондунун түзүмү жана ишин уюштуруу VI. Каржылоо, эсепке алуу жана отчеттуулук VII. Мамматрезервдер фондун жоюу жана өзгөртүп кайра уюштуруу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-гы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамматрезерв-дер фонду) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык ба-алуулуктарын топтоону, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылат. 2. Мамматрезервдер фонду өз ишмердигинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республика-сынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттиктин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликкеалат. 3. Мамматрезервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттикагенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) ведомстволук уюму болуп саналат. 4. Мамматрезервдер фонду ведомстволук таандуулугуна жана менчиги-нин түрүнө карабастан жоопкер сактоочу ишканаларда мамлекеттик матери-алдык резервдердин запастарын (мындан ары - мамматрезервдер) түзүүнү,сактоону жана анын шарттарын контролдойт жана уюштурат. 5. Мамматрезервдер фонду мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктукформасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик герби түшүрүлүп, мамлекеттик жана расмий тилдердегиөз аталышы жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын банк мекемелериндеэсептешүү, анын ичинде валюталык жана башка эсептери болот. 6. Мамматрезервдер фонду анын компетенциясына кирүүчү маселелербоюнча соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу. 7. Уюштуруу-укуктук формасы: Мамлекеттик мекеме. 8. Мамматрезервдер фондунун толук аталышы: кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-кеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттикагенттикке караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду"; на русском языке: "Фонд государственных материальных резервов приГосударственном агентстве по государственным закупкам и материальнымрезервам при Правительстве Кыргызской Республики". 10. Юридикалык дареги: индекс 7720010, Кыргыз Республикасы, Бишкекшаары, Москва көчөсү, 190. II. Негизги максаттары жана милдеттери 11. Мамматрезервдер фондунун негизги максаты мамлекеттик жана мо-билизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын башкаруу болуп са-налат. 12. Мамматрезервдер фондунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болупэсептелет: - баалуулуктарды сактоого коюуну, топтоону жана аларды Мамматре-зервден сарптоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу; - Кыргыз Республикасынын мобилизациялык муктаждыктарын камсыздоо,жооптуу сактоочу ишканаларда (ведомстволук таандуулугуна жана менчиги-нин түрүнө карабастан) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынтоптоо жана сактоо, ошондой эле бул материалдык баалуулуктарды КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдалануу; - мамматрезервдер системасынын туруктуу иштешин камсыздоо, маммат-резервдин негизги фонддорун кењейтүү, реконструкциялоо жана техникалыкжактан кайра жабдуу, мамматрезерв системасын экономикалык жана социал-дык жактан өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу. III. Негизги функциялары Мамматрезервдер фонду өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайыктөмөнкүдөй функцияларды аткарат: - мамматрезервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, брондон чыга-руу, карыз берүү, мамматрезервге материалдык баалуулуктарды ар жылдыкберүүлөрдүн көлөмдөрү жана аларды бюджеттик каржылоонун өлчөмдөрүнүнмаселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Мамагенттиктин кароосунакиргизет; - мамматрезервдердин материалдык баалуулуктарын, анын ичинде азай-бас запасты жайгаштыруу үчүн жооптуу сактоочу ишканаларды аныктоожөнүндө Мамагенттикке сунуш киргизет; - мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруу маселелери боюнчаКыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү үчүн материалдарды Мамагенттикке киргизет; - материалдык баалуулуктарды сактоого коюуда, топтоодо жана брон-дон чыгарууда талдоолор менен божомолдордун натыйжаларын кийин пайдала-нуу үчүн мамлекеттик резервдин номенклатурасына кирүүчү продукциялардыната-мекендик жана тышкы рыноктордо түзүлгөн тенденцияларга талдоожүргүзүүнү жана болжолдоону ишке ашырат; - өзгөчө кырдаалдарды жана табигый кырсыктарды жоюуда биринчи ке-зектеги чараларды көрүүгө катышат; - жооптуу сактоочу ишканалардагы (алардын ведомстволук таандуулу-гуна жана менчигинин түрүнө карабастан) мамлекеттик материалдык резерв-дерди топтоого, сактоого жана пайдаланууга контролдук жүргүзөт; - мамматрезервдер системасын сарптоо жана толуктоо структурасы бо-юнча тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбоору боюнча Мамагент-тикке сунуш киргизет; - берүүчүлөр менен мамлекеттик контракттарды (келишимдерди) түзүүүчүн мамматрезервге материалдык баалуулуктарды берүүчүлөрдү тандоогоКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышат; - ишканалар жана уюмдардын (алардын ведомстволук таандуулугуна жа-на менчигинин түрүнө карабастан) аткарышы үчүн милдеттүү болгон, мам-матрезервдердин материалдык баалуулуктарын берүүчүлөр жана алуучуларменен эсептешүүлөр боюнча нускамалардын долбоорлорун Мамагенттик тара-бынан белгиленген тартипте бекитүү үчүн иштеп чыгат; - мамлекеттик материалдык резервди сактоого коюуну, топтоону, сак-тоону жана пайдаланууну уюштуруу системасын өркүндөтүүгө багытталгансунуштарды даярдайт. IV. Мамматрезервдер фондунун укуктары 14. Ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык, ошондой эле мамматрезервдер-дин запастарын башкаруунун оперативдүүлүгүн жогорулатуу, мамматрезерв-дер системасынын чыгашасыз иштешин камсыздоо үчүн аларды пайдалануунукењейтүү максатында Мамматрезервдер фонду төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде белги-ленген тартипте учурдагы жылдын башталышына карата мамлекеттик матери-алдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнүн 50 процен-тине чейин жана алты айдан ашпаган мөөнөткө карыз берүү тартибиндеазайбас запастан тышкары мамматрезервдерден материалдык баалуулуктардычыгарууну ишке ашырууга; - Мамматрезервдер фондунан материалдык баалуулуктарды чыгаруудаброндон ажыратуу тартибинде чыгарылуучу материалдардын наркынын 10 про-цент өлчөмүндө нормативден ашыкча материалдык баалуулуктардын бирдиктүүүстөгүн белгилөөгө жана сатууга; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдерине ылайык конкреттүү алуучуларга мамлекеттик матери-алдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгарууга алардын аткарышыүчүн милдеттүү болгон жүктөп жөнөтүү разнарядкаларын берүүгө; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамматрезервдин брондон чыгарылган ма-териалдык баалуулуктарын белгиленген тартипте сатууга же карыз иретиндеберүүгө; - ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан иш-каналар менен уюмдарда сакталып турган мамматрезервдердин материалдыкбаалуулуктарынын сапаттык абалын жана эсебин текшерүүгө, аныкталганкемчиликтерди четтетүү боюнча алардын аткарышы үчүн милдеттүүкөрсөтмөлөрдү берүүгө, текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акты түзүүгө; - мамматрезервдердин материалдык баалуулуктарын мамлекеттик стан-дарттарга жана техникалык шарттарга ылайык топтоо, жањылоо, алмаштыруубоюнча милдеттенмелерди ведомстволук таандуулугуна жана менчигининтүрүнө карабастан жооптуу сактоочу ишканалардын аткарышына контролдукжүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык материалдыкбаалуулуктарды мамматрезервге берүүлөргө мамлекеттик заказдарды ишкана-ларга жайгаштыруу боюнча Мамагенттикке сунуш киргизүүгө; - ишканалар менен уюмдардын актыларынын, ошондой эле нан, ун, ак-шак азыктары жана аралаш тоют өнөр жайы боюнча ыйгарым укуктуу органдынкорутундусунун негизинде мамматрезервдин материалдык баалуулуктарын ал-маштырууга жана жањылоого уруксат берүү жөнүндө Мамагенттикке сунушкиргизүүгө; - мамматрезервдердин материалдык баалуулуктарын берүү, кабыл алуу(сактоого коюу), сактоо, алмаштыруу жана ушул материалдык баалуулуктарменен башка операцияларды жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ведомство-лук нускамаларды макулдашууга; - менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар менен кели-шимдик негизде нормадан ашыкча жана брондон чыгарылган мамматрезервдер-дин товардык-материалдык баалуулуктарын кайра иштетүүгө жана сатууга,ошондой эле күрөөдө турган мүлктү алып коюуга багытталган чаралардыкөрүүгө; - мамлекеттик материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу масе-лелери боюнча түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды берүүгө; - Мамматрезервдер фондунун системасын күтүү боюнча учурдагы чыгым-дарды каржылоо жана мамматрезервдердин нормативдик запастарын толуктооүчүн төмөнкүлөрдөн түзүлүүчү каражаттарды пайдаланууга: брондон чыгаруу, карыз берүү жана сатуу тартибинде материалдык ба-алуулуктарды чыгарууда 10 проценттик үстөктөн; берилүүчү жана мамматрезервдерге сактоого коюлуучу материалдык ба-алуулуктардын наркындагы айырмадан; соттук дооматтар боюнча өндүрүлгөн айып санкциялардан жана пения-лардан; - министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялыкведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан жана жергиликтүүмамлекеттик администрациялардан материалдык баалуулуктарды топтоокөлөмдөрү, мамматрезервдин материалдык баалуулуктарын коюуга жана сак-тоого байланыштуу маселелерди кароо жана оптималдуу жайгаштыруу номенк-латурасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн зарыл маалыматтарды, ошон-дой эле мамматрезервге материалдык баалуулуктарды берүүлөр (жүктөө,сактоого коюу) жөнүндө маалыматтарды алууга; - келишимдик негизде мамматрезервден системасынын кызматкерлеринеконсультация берүү, окутуу үчүн башка уюмдардын жана эксперттердин кыз-маттарын пайдаланууга; - КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттикрезервдеринин органдары менен тышкы экономикалык ишмердикти жана кыз-матташууну ишке ашырууга; - мамматрезервдер системасынын материалдык-техникалык базасын жак-шыртуу үчүн тике инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрүүгө; - мамматрезервдердин ишмердигине тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүнКыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн илимий-изилдөө жана билимберүү уюмдары менен келишимдерди түзүүгө; - мамлекеттик капиталдык салымдардын жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебиненөндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объекттерди курууну жанаоњдоо иштерин жүргүзүүнү пландаштырууга жана уюштурууга; - Мамматрезервдер фондунун максаттарына жана милдеттерине каршыкелбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган мам-лекеттик материалдык резервге байланыштуу башка иштерди жүргүзүүгө. 15. Мамматрезервдер фондунун жана мамматрезервдин материалдык баа-луулуктары менен операция жүргүзүүчү ишканаларынын ортосунда материал-дык баалуулуктар менен операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик "КыргызРеспубликасынын мамлекеттик материалдык резерви жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. 16. Мамматрезервдер фонду жүктөлгөн функцияларга ылайыктөмөнкүлөргө милдеттүү: - Мамагенттикке эсепке алуу, отчеттуулук жана кадр саясатынын ма-селелери боюнча отчет берүүгө; - Мамматрезервдер фондунун кирешелери менен чыгашаларынын сметасынМамагенттикке киргизүүгө; - мамлекеттик материалдык резервдерди топтоого, сактоого жана пай-даланууга бекем контролдукту камсыздоого; - мамлекеттик материалдык резервдер системасын натыйжалуу башкару-уну жана анын туруктуу иштешин камсыздоого. V. Мамматрезервдер фондунун түзүмү жана ишин уюштуруу 17. Мамматрезервдер фондуна директор башчылык кылат, ал кызматкаМамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. 18. Директордун орун басары болот, ал Мамматрезервдер фондунун ди-ректорунун сунушу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты мененмакулдашуу боюнча Мамагенттиктин директору тарабынан дайындалат. 19. Мамматрезервдер фондунун директору: - Мамматрезервдер фондунун жана анын тийиштүү кызматтарынын иште-рин жетектейт; - Мамматрезервдер фондуна жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жо-опкерчилик тартат, функционалдык милдеттерди, директордун орун басары-нын, структуралык жана тейлөөчү подразделениелердин жетекчилеринин Мам-матрезервдер фондунун иштеринин өзүнчө багыттарына жетекчилик үчүн жо-опкерчилик дењгээлдерин белгилейт; - Мамматрезервдер фондунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана бошотот, ошондой эле аларгакарата сыйлоо жана тартип жазаларынын чараларын көрөт; - өз компетенциясынын чектеринде приказдарды, буйруктарды, нуска-маларды чыгарат, Фонддун кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү бол-гон көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдойт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамматрезервдер фон-дунун кызматкерлерин сыйлоо шарттарын жана тартибин бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамматрезервдер фон-дунун мүлкүн жана каражаттарын тескейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамагенттик жана Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-митети менен макулдашуу боюнча Мамматрезервдер фондунун балансынан не-гизги каражаттарды эсептен чыгарууга укуктуу; - иштин ички тартибин белгилейт; - Мамматрезервдер фондунун структуралык подразделениелери жөнүндөжоболорду белгиленген тартипте бекитет; - Мамматрезервдер фондунун атынан ишеним кат берет, Кыргыз Респуб-ликасынын банктарында эсептерди ачат. 20. Мамматрезервдер фондунун структурасынын жана штаттык санынМамматрезервдер фондунун директорунун сунушу боюнча Мамагенттиктин ди-ректору бекитет. 21. Мамматрезервдерди түзүүгө жана сактоого байланыштуу Мамматре-зервдер фондунун бардык иштери мамлекеттик сырды жана жашырындуулук ре-жимин сактоону камсыздоо боюнча талаптарга бекем ылайык ишке ашырылат. VI. Каржылоо, эсепке алуу жана отчеттуулук 22. Мамматрезервдер фондунун өз алдынча балансы болот. 23. Мамматрезервдер фондун каржылоо республикалык бюджеттин кара-жаттарынан, төмөнкү түзүлүүчү каражаттардан жүргүзүлөт: - брондон чыгаруу, карыз берүү жана сатуу тартибинде материалдыкбаалуулуктарды чыгарууда 10 проценттик үстөктөн; - берилүүчү жана мамматрезервге сактоого коюлуучу материалдык баа-луулуктардын наркындагы айырмадан; - соттук дооматтар боюнча өндүрүлгөн айып санкциялардан жана пени-ялардан. 24. Мамматрезервдер фонду оперативдүү бухгалтердик жана статисти-калык эсеп жүргүзөт, берилген мүлктү, бюджеттик жана башка каражаттардымаксаттуу пайдаланууга контролдук жүргүзет. 25. Бухгалтердик эсеп колдонуудагы эрежелерге жана методикаларгаылайык жүргүзүлөт, бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулук белги-ленген тартипте берилет. 26. Ишканалардагы мамматрезервдердин материалдык баалуулуктарынэсепке алуу жана алар боюнча отчеттуулук белгиленген тартипте бекитил-ген нускамаларга ылайык жүргүзүлөт. VII. Мамматрезервдер фондун жоюу жана өзгөртүп кайра уюштуруу 27. Мамматрезервдер фондун жоюу жана өзгөртүп кайра уюштуруу Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 28. Мамматрезервдер фонду жоюлган учурда анын ишмердигинин убагын-дагы документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.