Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                                          2007-жылдын 10-октябрындагы

                                              N 457 токтому менен

                                                  бекитилген

 

          Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм

            министрлигинин атайын эсептин каражаттары жөнүндө

                                 ЖОБО

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

 

     Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм

министрлигинин  атайын  эсебинин каражаттарын түзүү жана аны сарптоонун

тартибин аныктайт.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

                           I. Жалпы жоболор

 

     1. Кыргыз  Республикасынын  Маданият,маалымат жана туризм министр-

Лигинин (мындан ары - Министрлик) атайын эсептин каражаттары төмөнкүдөй

максатта тγзγлѳт:

     Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу иште-

ши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү;

     - Министрлик  системасындагы  кызматкерлерди социалдык жактан кор-

гоону жана гарантиялоону камсыз кылуу, алардын өз иштеринин жыйынтыгына

болгон кызыкчылыктарын арттыруу;

     - Министрлик  системасындагы кызматкерлердин квалификацияларын жо-

горулатуу;

     - Министрлик системасындагы кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын

эл артисттерине, Кыргыз Республикасынын маданиятка жана искусствого эм-

гек сињирген  ишмерлерине  бир мезгилдүү материалдык жардамдарды көрсө-

түү.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

     2. Министрликтин  атайын  эсептин каражаттарынын Кыргыз Республика-

сынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгында ачылат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

                   II. Атайын эсепти түзүү булактары

 

     3. Атайын эсептин каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

     - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелер-

дин депозиттик суммалары жана атайын каражаттары жөнүндө"  Кыргыз  Рес-

публикасынын  Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы N 531 токтому менен

бекитилген Жобого ылайык Министрликтин ведомстволук мекемелеринин атайын

каражаттарынан 10 пайызга чейинки которуулардан;

     - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу взносторунан, жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган ка-

ражаттардан.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

          III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби

 

     4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

     - Министрликтин кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерине, пен-

сияга чыккандыгына  байланыштуу  иштен  бошогон кызматкерлерине, Кыргыз

Республикасынын эл артисттерине, Кыргыз Республикасынын маданиятка жана

искусствого эмгек  сињирген  ишмерлерине дарылануу жана башка максаттар

үчүн бир мезгилдүү материалдык жардамдарды көрсөтүүгө;

     - ден-соолукту чыњдоо мекемелерине  жолдомолордун  наркын  Минист-

рликтин кызматкерлерине жарым-жартылай компенсациялоого;

     - кызматкерлерди бир жолку сыйлоого;

     - кызматтык максаттар үчүн автотранспортторду, аларга запастык бө-

лүктөрдү жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга;

     - эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүл-

бөгөн чарбалык жумуштарды аткарууга;

     - Министрликтин  ишмердигин  материалдык-техникалык камсыз кылууга

жана Министрликтин  кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыр-

тууга;

     - тапшырылган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча Ми-

нистрликтин мекемелеринин  иштерин жакшыртууга багытталган башка иш-ча-

раларга.

     5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Маданият,

маалымат жана туризм министрлигинин борбордук атайын эсебине топтолот.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

     6. Атайын  эсептин каражаттарын тескөөчүлөр болуп Кыргыз Республи-

касынын маданият,маалымат жана туризм  министри жана Министрликтин бюд-

жеттин ассигнованиелерди тескөө укугу берилген статс-катчысы эсептелет.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

     7. Атайын  эсептин  каражаттарынын  отчеттук жылдын аягында калган

калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.