Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 501 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштууЭне жана баланы коргоо улуттук борбору (мындан ары - Борбор) республи-калык башкы мекеменин функциясын аткаруучу мамлекеттик алдыњкы или-мий-дарылоо, үчүнчү дењгээлдеги уюштуруу-усулдук медициналык мекеме бо-луп саналат. 2. Борбор "мекеме" уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жакболуп саналат жана өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт. 3. Борбордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөнтегерек мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган бурч-тук штампы, фирмалык белгиси, юридикалык жактын фирмалык бланктары жанабашка атрибуттары болот. 4. Иш-аракетин жүргүзүү үчүн Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык банктарда жана финансы мекемелеринде эсеп ачат. 5. Борбор изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага киргизет, дары-лоо-диагностикалык иштердин сапатын жакшыртат, илимий-изилдөө жана өн-дүрүштүк иштеп чыгууларды жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында энелер-дин жана балдардын ден соолуктарын коргоонун сапатын жакшыртуу жанаилимий-изилдөөлөрдү менен инновацияларды кошумча каржылоо максатындаөзүнүн курамында калыптанышы, ошондой эле менчиктин ар кандай формасын-дагы, анын ичинде эл аралык структураларды кызматташтыкка тартышы мүм-күн. 6. Борбордун мамлекеттик тилдеги аталышы - "Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттукборбору". Мамлекеттик тилде аталышынын кыскартылып жазылышы - "ЭжБКУБ". Борбордун расмий тилдеги аталышы - "Национальный центр охраны ма-теринства и детства при Министерстве здравоохранения Кыргызской Респуб-лики". Расмий тилде аталышынын кыскартылып жазылышы "НЦОХМиД". 7. Борбор Кыргыз Республикасында акушердик жана гинекология, педи-атрия жана балдар хирургиясы тармагында кызматтарды уюштуруу боюнча са-ламаттык сактоо мекемелеринин иш-аракетин координациялоону жүзөгө ашы-рат. 8. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектер-де жана өз иш-аракетинин максаттары менен милдеттерине, ага берилгенмүлктү оперативдүү башкаруу багытына ылайык ошол мүлктү, ошондой элечарбалык иш-аракет жүргүзүүнүн натыйжасында жана башка негиздер боюнчасатып алынган мүлккө ээлик кылуу жана пайдаланууга укуктуу. 9. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинекараштуу Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун жана Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы-нын клиникалык төрөт үйүнүн бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнчаукук улантуучусу болуп саналат. 10. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинетүздөн-түз баш ийүүчү жана отчет берүүчү мекеме болуп саналат. 11. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинеотчет берет. 12. Борбордун жайгашкан орду: 720038, Кыргыз Республикасы, Бишкекшаары, Ахунбаев көчөсү, 190. Борбордун Бишкек шаары, Тоголок Молдо кө-чөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан бөлүмү бар. II. Борбордун иш-аракетинин негизги багыттары жана милдеттери 13. Борбордун иш-аракетинин негизги багыттары: 13.1. Илимий жана уюштуруу иштеринде: - энени жана баланы коргоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча или-мий-изилдөөлөрдү жүргүзүү; - энени жана баланы коргоону өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынаныктоого жана программаларды түзүүгө көмөктөшүү; - тиешелүү профиль боюнча медициналык илимдин доктору жана канди-датынын окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча Диссертациялык кењештинишин уюштуруу; - энени жана баланы коргоо проблемалары боюнча илимди өнүктүрүүнүнузак мөөнөттүү божомолдорун, илимий-изилдөөлөрдүн максаттуу жана комп-лекстүү программаларын, келечек жана жылдык пландарын түзүү боюнча иш-терди уюштуруу жана камсыздоо; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы тарма-гындагы изилдөөлөрдүн багыттары боюнча маалыматтардын банкын түзүү; - акушердик-гинекологиялык, педиатриялык жана балдар хирургиясыкызматтарын өнүктүрүүнүн маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын окумуш-тууларынын күч-аракеттерин координациялоо; - энени жана баланы коргоо тармагында илимди өнүктүрүүгө, билимберүүгө жана практиканы өркүндөтүүгө көмөктөшүүчү эл аралык байланыш-тарды түзүү; - биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий билим берүү институтта-рын, программаларды жана долбоорлорду түзүү жана аткаруу; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы тарма-гында ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин маанилүү жетишкендиктерин тал-доо жана жалпылоо, аларды республиканын саламаттык сактоо практикасынакиргизүүгө көмөктөшүү; - аялдардын жана балдардын ден соолугун коргоо маселеси боюнча са-ламаттык сактоо органдарына уюштуруу-методикалык жардам көрсөтүү; - Кыргыз Республикасында төрөй турган курактагы аялдардын, балдар-дын оорусу, балдар жана ымыркайлардын өлүмгө учуроосу жөнүндө маалымат-тарды талдоо жана жалпылоо; - энелердин жана балдардын өлүмүнүн себептеринин туруктуу монито-рингин жүргүзүү. 13.2. Дарылоо-дарт аныктоо иштеринде: - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы тарма-гында республиканын аялдарына жана балдарына сапаттуу жана натыйжалуупрофилактикалык, консультациялык, дарылоо-дарт аныктоо боюнча жардамкөрсөтүү; - энени жана баланы коргоо тармагындагы медициналык илимдин алдыњ-кы жетишкендиктерин республиканын саламаттык сактоосунда колдонуугакиргизүү; - Кыргыз Республикасында энени жана баланы коргоо боюнча кызмат-тарды уюштуруу жагындагы маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү. 13.3. Билим берүү жана кадрларды даярдоо тармагында: - энени жана баланы коргоо тармагында илимий жана практикалык кад-рларды даярдоо сапатын эл аралык стандарттын талаптарына жакындаштырууменен аны жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы тарма-гында илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу; - энени жана баланы коргоо тармагында дарт аныктоонун жана дары-лоонун медициналык-экономикалык стандарттарын иштеп чыгуу; - баштапкы звенону кошо алганда практикалык саламаттык сактоонунмедициналык кызматкерлери үчүн илимий-практикалык конференцияларды,съезддерди, окутуу тренингдерин жана семинарларды өткөрүү; - азыркы учурдагы талаптарга жооп берүүчү окуу китептерин, методи-калык колдонмолорду жана куралдарды даярдоо, иштеп чыгуу жана чыгаруу; - адистештирилген медициналык ассоциацияларга аттестациялык жанасертификаттык комиссияларды түзүүгө жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу; - өзүнүн подразделениелеринде структуралык кайра түзүүлөрдүжүргүзүү, жањы структуралык бирдиктерди түзүү; - Борбордун илимий жана практикалык кызматкерлерин аттестациялоо-ну, бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурстарды, Кыргыз РеспубликасынынЭмгек кодексине ылайык кызматкерлерди жалдоону белгиленген тартиптежүргүзүү; - Борбордун кызматкерлеринин чыгармачыл демилгелерин жана илимийизденүүлөрүн өнүктүрүү, материалдык жана башка колдоо көрсөтүүнүн ыкма-ларын колдонуу менен аларды стимулдоо үчүн шарттарды түзүү; - таланттуу окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдү табуу жана колдоокөрсөтүү, бул үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды колдонуу менен жаш-тардын чыгармачылык жактан өсүшүнө көмөктөшүү, ишкердиктин жана башкаиш-аракеттин эсебинен жаш окумуштууларга материалдык колдоо көрсөтүүфондуларын түзүү. 14. Борбор өз милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй функ-цияларды аткарат: - илимий-изилдөө иштеринин перспективалык, жылдык жана учурдагыпландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, илимий жетишкендиктерди саламаттыксактоо практикасында колдонуу, илимий жана практикалык кадрларды даяр-доо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо; - энени жана баланы коргоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча изил-дөөлөрдү жүргүзүү; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнчареспубликада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү координациялоо; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ма-кулдашуу боюнча Борбордун профилактикалык жана уюштуруу-методикалыкишинин, республиканын саламаттык сактоо органдарына жана мекемелеринепрактикалык жардам көрсөтүүсүнүн пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү; - белгиленген тартипте оорулардын алдын алуу, диагнозун коюу, да-рылоо жана реабилитациялоо методдорун иштеп чыгуу; - белгиленген тартипте акушердик-гинекологиялык, педиатриялык жанабалдар хирургиясы боюнча жардамдын сапатын жогорулатуу методдорун иштепчыгуу; - энени жана баланы коргоо кызматы боюнча материалдарды даярдоожана аларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ка-роосуна киргизүү; - энелердин, балдардын жана ымыркайлардын өлүмгө учуроосу боюнчаматериалдарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-нистрлигинин коллегиясынын кароосуна киргизүү; - энени жана баланы коргоо тармагында республиканын калкына адис-тештирилген медициналык жардам көрсөтүү. III. Борбордун укуктары жана милдеттери 15. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ: - коллективдүү келишимдин негизинде борборду адистештирүү боюнчашашылыш же пландуу дарылоого түшүүлөр болгондо, кызматкерлердин ичиненоорулуулар үчүн жењилдиктерди берүүгө жана каржылоо булактарын табууга; - башка уюмдар жана мекемелер менен Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын чегинде жарандык укуктук мамилелерди түзүүгө; - тейлеген маселелер боюнча эл аралык программаларга катышууга; - профессионал ассоциацияларды, союздарды, анын ичинде эл аралык-тарын башка уюмдар менен бирге түзүүгө жана мүчө болууга; - өзүнүн структурасын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө; - мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, анын ичинде эл аралык уюм-дардын изилдөөчүлүк иш үчүн жана башка гранттарын алууга; - ЮНИСЕФ/ВОЗдун жана башка эл аралык уюмдардын линиясы боюнча бир-гелешкен программаларды ишке ашырууга; - маалымдама материалдарды жана илимий эмгектерди чыгарууга; - ведомстволор аралык илимий жамааттарды түзүүгө; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнчадиагностикалык, дарылоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын стандарт-тарын иштеп чыгууга; - илимий-өндүрүштүк бирикмелерди, институттарды, анын ичинде четөлкөлөр менен биргелешип уюштурууга; - илимий, диагностикалык жана социалдык иш чөйрөлөрүндө пайдаланууүчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча иш жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык-техника-лык базаны чыњдоо, ишти камсыздоо үчүн материалдардын, реактивдердинжана башка ресурстардын запасын түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө; - Борбордо акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургия-сы боюнча аттестациялык комиссиянын заседаниелерин өткөрүүгө; - үй-бүлөлүк врачтарды, акушер-гинекологдорду, педиатрларды, бал-дар хирургдарын дипломдон кийинки окутуунун жана аларды аттестациялоо-нун пландарын жана программаларын түзүүгө катышууга; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнчадарылоочу-алдын алуучу мекемелер үчүн врачтарды дипломдон кийинки даяр-доого, оорулардын диагнозун коюунун, дарылоонун жана алдын алуунун жањытехнологияларына үйрөтүүгө; - Борбордун профили боюнча тапшырылган кандидаттык жана докторлукдиссертацияларды рецензиялоо, сынактан өткөрүү жана коргоону ишке ашы-рууга; - бүткөрүлгөн илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын, ошондой элемедициналык-биологиялык илимдин жањы жетишкендиктерин саламаттык сактоопрактикасына киргизүүгө; - дары каражаттарга жана медициналык техникага аларды саламаттыксактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилегентартипте жана жарандардын ыктыярдуу макулдугу клиникалык сыноо жүргү-зүүгө; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясынын уюш-туруучулук жана клиникалык жагдайларынын бардык бөлүмдөрү боюнча мето-дикалык, инструкциялык жана маалыматтык материалдарды даярдоого; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллеги-ясынын заседаниелерин, акушердик, гинекология, педиатрия жана балдархирургиясы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлигинин буйруктарын жана башка нормативдик актыларын даярдоо бо-юнча сунуштарды киргизүүгө жана даярдоого катышууга; - тейлеген бөлүм боюнча эл аралык конгресстерди, курултайларды,илимий-практикалык конференцияларды, республикалык семинарларды, симпо-зиумдарды жана кењешмелерди даярдоого жана катышууга; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин макулду-гу менен өзүнүн филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн, лабораторияларын жана баш-ка бөлүмдөрүн түзүүгө; - акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы тарма-гында эл аралык кызматташтык жүргүзүүгө. 16. Борбор бюджеттен тышкаркы илимий-изилдөө, дарылоо-диагностика(анын ичинде чоњдор үчүн), окутуу, басма, өндүрүштүк жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүргүзүүгө укук-туу. Андай иштерден түшүүчү кирешелер жана ал кирешелердин эсебиненалынган мүлк Борбордун өз алдынча тескөөсүнө түшөт жана өзүнчө баланстаэсептелет. 17. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү: - кош бойлууларга, жањы төрөгөндөргө жана балдарга, анын ичиндеМамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында сапаттуу адистештирил-ген медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга; - кош бойлууларга, жањы төрөгөндөргө жана балдарга дарылоо-кон-сультациялык жардам көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасында энени жана баланы коргоо маселелери боюн-ча бардык дењгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарына окуу-методикалык,консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүгө; - энени жана баланы коргоо маселелери боюнча медициналык илимдинсоњку жетишкендиктерин бардык дењгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынынпрактикалык ишине киргизүүгө; - өз ишмердигинин профили боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасында энени жана баланы коргоо маселелерине ка-рата практикалык медициналык иштерди, билим берүүнү, илимди жана өндү-рүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды,божомолдорду жана рекомендацияларды даярдоого; - Кыргыз Республикасында энени жана баланы коргоо проблемалары бо-юнча эл аралык, республикалык, региондук программаларды жана долбоор-лорду илимий экспертизалоону жүргүзүүгө катышууга; - профилдик адистиктер боюнча кадрларды даярдоого жана кайра даяр-доого катышууга; - Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорула-тууга багытталган чараларды көрүүгө; - кош бойлууларга, жањы төрөгөндөргө жана балдарга медициналыкжардамдын сапатын башкаруу системасын киргизүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого; - саламаттык сактоо системасын башкаруучу жогору турган органдар-дын чечимдерин аткарууга; - каражаттарды максаттык арналышы боюнча пайдаланууга; - бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн аныкталган тартиптеберүүгө. IV. Борбордун түзүмү 18. Борбордун түзүмү Борбордун Окумуштуулар кењешинин сунушу боюн-ча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан беки-тилет. 19. Борборго жүктөлгөн функцияларга байланыштуу анын структурасын-да подразделениелер каралат, анын милдетине фундаменталдык жана колдон-мо изилдөөлөрдү ишке ашыруу, диагностиканын жана дарылоонун жањы, на-тыйжалуу методдорун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, квалификацияны жогору-латуу жана медициналык билим берүү кирет. V. Борборду башкарууну уюштуруу 20. Борборду башкаруу Борбордун кызматкерлеринин башкарууга каты-шуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына каршы келбеген башка кызматтык нускамаларга ылайыкжүргүзүлөт. 21. Борбордун директору жамааттын сунушу боюнча Борбордун Окумуш-туулар кењешинин мүчөлөрүнүн жашырын же ачык добушу менен 4 жыл мөөнөт-кө, бирок катары менен 2 мөөнөттөн ашык эмес шайланат жана кызматкаКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри тарабынан бекитилет.Эгер кењеште Окумуштуулар кењешинин мүчөлөрүнүн жарымынан азы катышса,жетекчини шайлоо жөнүндө чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чыгарылат. 22. Борбордун директору 65 жашка чейинки курактагы, жетекчилик иш-те тажрыйбасы бар, мамлекеттик тилди билген, кыргыз жарандыгы бар жанаКыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын алдыњкыокумуштууларынын, "Акушердик жана гинекология", "Педиатрия" жана "Бал-дардын хирургиясы" адистиктери боюнча медицина илимдеринин докторлору-нун арасынан шайланат. 23. Борбордун директору: - Борбордун ишин жетектейт, анын ишин уюштурат жана Борборго жүк-төлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине Борбордунишмердиги жөнүндө отчет берет; - Окумуштуулар кењешинин төрагасы болот жана Окумуштуулар кењеши-нин чечиминин негизинде Борбордун структуралык бөлүмдөрүнүн иштерининбагыттарын аныктайт жана анын ишин координациялайт; - Борборду мамлекеттик органдарда жана эл аралык уюмдарда көрсө-төт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкер-лерин ишке алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттенмелерин анык-тайт; - Борбордун финансынын каражаттарын тескейт; - банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди ачат; - Борбордун атынан уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен сүйлө-шүүлөрдү жүргүзөт, келишимдерди жана башка макулдашууларды түзөт, башкаюридикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат. 24. Борбордо Окумуштуулар кењеши иштейт. 25. Борбордун окумуштуу катчысын директор дайындайт. Окумуштуукатчы түздөн түз Борбордун директоруна баш ийет жана Окумуштуулар кење-шинин төрагасына илимий программаларды аткаруу боюнча отчет берет. 26. Окумуштуулар кењеши кењеш берүүчү орган болуп эсептелет. Оку-муштуулар кењешинин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ болот. Окумуштуулар кењешинин мүчөлөрү Борбордун клиникалык бөлүмдөрүнүнилимий кызматкерлеринин жана жетектөөчү адистеринин чогулушунда дирек-тордун сунушу боюнча ачык же жашырын добуш берүү менен 3 жыл мөөнөткөшайланат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндебекитилет. Окумуштуулар кењешинин курамына Борборло иштебеген окумуш-туулар жана адистер да кириши мүмкүн. 27 Окумуштуулар кењешинин заседаниеси Окумуштуулар кењешинин суну-шу боюнча Директор бекиткен календарлык планга ылайык 2 айда 1 жолуданкем эмес өткөрүлөт. Окумуштуулар кењеши: - илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттарын аныктайт, ага ылайыкконкурска катышууга каржылоого сунуш кылынуучу илимий-изилдөө иштерининноменклатурасын тактайт; - Диссертациялык кењештин, эксперттик жана башка комиссиялардынкурамын бекитет; - илимий-изилдөө жана башка иш-аракеттердин, ошондой эле илимийжана практикалык кадрларды даярдоонун, илимий изилдөөлөрдүн натыйжала-рын ишке ашыруунун, съезддер менен конференцияларды чакыруунун келечек-түү жана жылдык пландарынын долбоорлорун карайт жана алар боюнча чечимкабыл алат; - Борбордун илимий-уюштуруу жана дарылоо иш-аракеттеринин натыйжа-лары жөнүндө отчетторду талкуулайт; - илимий эмгектерди даярдоо жана чыгаруу пландарын карайт, басмаиш-аракеттеринин натыйжаларын талкуулайт; - башка илимий мекемелер, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер мененчыгармачыл кызматташуу маселелерин талкуулайт; - илимий-изилдөө топторунун жетекчилеринин, ошондой эле айрым или-мий кызматкерлердин иштери жөнүндө отчетторду угат; - кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет; - чарбалык муктаждыктарга ылайык жана адилеттүүлүк принциби мененөз кызматкерлеринин арасында каражаттарды бөлүштүрүү ыкмаларын карообоюнча сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана баш-ка мамлекеттик структураларга берүү үчүн Борбордун иш-аракетин жакшыр-туу менен байланышкан сунуштарды талкуулайт; - Борбордун илимий кызматкерлеринин бош орундарын ээлөөгө жанаилимий кызматкерлерди жањы мөөнөткө кайра шайлоого конкурстарды өткө-рөт; - илимий жана практикалык кадрларды даярдоо жана квалификацияларынжогорулатуу менен байланышкан маселелерди талкуулайт; - докторлук жана кандидаттык диссертациялардын темаларын бекитет,алар боюнча рекомендацияларды берет, Диссертациялык кењешке диссертаци-яларды жактоого сунуш кылат; - Борбордун профили боюнча илимий кызматкерлерди Диссертациялыккењештин курамына сунуш кылат; - илимий эмгектерди, илимий ачылыштарды жана ойлоп табууларды эларалык, республикалык жана энчилүү аталыштагы сыйлыктарга көрсөтөт; - Борбордун окумуштууларын ардак наамдарды ыйгарууга, ошондой элеКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө(академиктикке) жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерликке көрсөтөт; - Борбордун кызматкерлерине илимий наамдарды ыйгаруу үчүн КыргызРеспубликасынын Улуттук аттестациялык комиссиясына сунуш берет. 28. Окумуштуулар кењеши анын курамынын жарымынан кем эмеси катыш-кан учурда чечим кабыл алууга укуктуу. Окумуштуулар кењешинин чечимижөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Чечим ачык же жабык добушберүү менен кабыл алынат. Окумуштуулар кењешинин чечими Борбордун директору аны бекиткенденкийин күчүнө кирет. VI. Борбордун каржылоо булактары жана каражаттарын пайдалануу 29. Борбордун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - мамлекеттик бюджеттин эсебинен; - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкарма-лыктарынан келишим боюнча алынган каражаттарынан; - медициналык кызматтардын белгиленген түрлөрүнө Мамлекеттик ке-пилдиктер программасынан ашыкча пациенттердин кошумча төлөөсүнөн алын-ган каражаттардан; - илимий-өндүрүштүк, дарылоо-консультациялык, илимий-билим берүү,басма жана башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттардан; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу субсидияларынан, эларалык уюмдардын жана жарандардын кайрымдуулук фонддорунун, банктардынкредиттеринин каражаттарынан; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында-гы Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат туруучу) түрлө-рүнүн фондунан; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар-дан. - Борбор каражаттарды ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттеринжана функцияларын аткаруу боюнча иш-аракеттерди материалдык-техникалыкжана башка камсыз кылууга пайдаланат. VII. Борборду контролдоо жана отчет берүүсү 30. Борбордун иш-аракетин контролдоо Кыргыз Республикасынын Сала-маттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. 31. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердикэсеп жүргүзөт жана отчет берет, алардын толуктугуна жана тууралыгынажоопкерчилик тартат. VIII. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу 32. Борборду жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 33. Жоюу бул жөнүндө юридикалык жактардын мамлекеттик реестринежазылган учурдан баштап аяктады деп эсептелет. 34. Жоюлгандан кийин Борбордун документтери "Улуттук архив фондужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдала-нылат.