Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-ноябры № 558                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                       "Кыргыз Республикасынын чет                мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн                  ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз                 Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын                     12-январындагы N 13 токтомуна                   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду                           киргизүү тууралуу      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүнишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-дын 12-январындагы № 13 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор киргизилсин:     - көрсөтүлгөн  токтом  менен бекитилген Кыргыз Республикасынын четмамлекеттердеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун:     5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "5. Зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соода өкүлчүлүгүнүнрегиондук бөлүмүн  уюштурат.  Соода  өкүлчүлүгүнүн  региондук бөлүмү өзишин ал  турган мамлекеттеги соода өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен ишкеашырат.";     9-пункт "чет  мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү" деген сөздөрдөн кийин", ошондой  эле  анын региондук бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толуктал-сын;     17-пункт:     - "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөрдөнкийин "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-тети" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө толукталсын;     - төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:     "Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн жетекчиси (мындан ары Ре-гиондук соода өкүлү) кызматка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минис-трлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-тети менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүк-түрүү жана  соода  министрлигинин  сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.     Региондук соода өкүлү өз ишинде Соода өкүлүнө отчет берет.     Соода өкүлүнүн жана Региондук соода өкүлүнүн кызматына жогорку би-лимдүү, ишмердүүлүк  чөйрөсүнө дал келген, мамлекеттик же дипломатиялыккызматта кеминде  үч  жылдык  иш тажрыйбасы бар жана бул кызматта иштөөүчүн зарыл  тажрыйбага ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны дайында-лат. Кыргыз  Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги Соода  өкүлү менен (Региондук соода өкүлү менен) 3 жылдык мөөнөткөэмгек келишимин  түзөт.  Көрсөтүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндөКыргыз Республикасынын  Экономикалык  өнүктүрүү  жана соода министрлигижана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ме-нен макулдашылган,  Кыргыз  Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлигинин  сунушу  боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин чечими менен соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жањы мөөнөткө кай-ра дайындалса, дагы 3 жылга эмгек келишими кайра түзүлүшү мүмкүн. Соодаөкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) жалпы иштөө мөөнөтү 6 жылдан ашпоо-го тийиш.     Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кыз-маткерлери кызматка  Соода  өкүлүнүн  (Региондук соода өкүлүнүн) сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин буйругу  менен  дайындалат жана бошотулат. Соода өкүлчүлүгүнүн(соода өкүлчүлүгүнүн  региондук  бөлүмүнүн) кызматкеринин кызматына жо-горку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соо-да министрлигинин түзүмүндө кеминде 3 жыл иштеген, эл аралык соода жанатышкы экономикалык ишмердүүлүк жагындагы иш тажрыйбасына ээ болгон Кыр-гыз Республикасынын  жараны дайындалат. Кыргыз Республикасынын Экономи-калык өнүктүрүү  жана  соода министрлиги соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерименен 3  жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн мөө-нөт бүткөндө соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча эмгек кели-шими дагы  3  жылга  кайра  түзүлүшү мүмкүн. Соода өкүлчүлүгүнүн (соодаөкүлчүлүгүнүн региондук  бөлүмүнүн) кызматкеринин жалпы иштөө мөөнөтү 6жылдан ашпоого тийиш.     Соода өкүлчүлүгүнүн  (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) же-текчисин, соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн)кызматкерин кызматтан бошотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:     - өз каалоосу боюнча бошонуу жөнүндө арыз берүү;     - эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү;     - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо;     - ал болгон өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы;     - кызматкер тарабынан ошол өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын,ошондой эле  жалпы  кабыл  алынган  жүрүм-турум жана адептик нормалардысактабоо;     - иш милдеттенмелерин, ошондой эле кызматкер эмгек келишимин түзүүучурунда таанышып чыккан режимдик талаптарды бир нече ирет одоно бузуу;     - Кыргыз  Республикасынын  Эмгек  кодексинде каралган башка негиз-дер.";     18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "18. Соода  өкүлү  жана Региондук соода өкүлү дипломаттык статускаээ жана  ошол мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-лүгүнүн кењешчисинин  жана  атташесинин рангында ошол мамлекетке аккре-диттелет.";     19-пункттун "в)" пунктчасы алып салынсын.      Премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                                А.Атамбаев