Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2007-жылдын 23-ноябры № 559
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43, 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627, 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 225, 2013-жылдын 10-июнундагы № 318, 2015-жылдын 21-апрели № 231 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данынын азайбас запасынын нормативдик деңгээлин толуктоо жана жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карыз алынган азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге өз убагында кайтарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте 2000-2007-жылдарда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө товардык кредит түрүндө алынган 38369 тонна аштык буудай данын мамлекеттик резервге кайтарылышын камсыз кылсын.
Товардык кредитти акчалай каражаттар менен тындырууда эсептешүүлөр товардык кредит берүүгө кредиттик келишимдерде көрсөтүлгөн баалар боюнча жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте:
- үчүнчү-төртүнчү класстардагы 20 проценттен төмөн эмес клейковинасы бар жана ИДКнын 100 бирдигинен ашпаган экинчи топтогу сапат менен азык-түлүк буудай данын чогултууну уюштурушсун;
- чогултулган азык-түлүк буудай данын жооптуу сактоочу ишканаларга жеткирүүнү камсыздашсын.
Эгинди чогултууга жана жооптуу сактоочу ишканага жеткирүүгө байланыштуу чыгымдар эгин тапшыруучулардын эсебинен төлөнсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43, 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- мамлекеттик резервге коюлуучу азык-түлүк буудай данын сапаты жагынан баалоону жүргүзүү максатында тиешелүү аккредитациясы бар көз карандысыз текшерүүчү органдарды ишке тартсын;