Загрузка документа…
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 токтому менен бекитилген |
Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү ЭРЕЖЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 652 , 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 224 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежеси (мындан ары - Эреже) жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча иш-аракеттерин аныктайт.
2. Шаар куруу-архитектура ишин жөнгө салуу режимине карата укуктук талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Ысык-Көлдүн акваториясын жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси менен табигый жаратылыштык объект болуп саналган жана мамлекеттин коргоосунда турган жээктеги аймактарды;
- шаар куруу жана архитектура объекттеринин иштөө режими шаар куруу документтери менен аныкталуучу "корголгон" статусуна ээ зоналарды;
- республикалык автомагистралдан тартып жээк тарапта жана жээктеги суу четине чейин жайгашкан аймактарды камтыган Ысык-Көлдүн суу коргоо зонасын;
- чарба иши так чектелген аймактардан турган суу коргоо тилкелерин жана ар бир функциялык зонага же зона алдына атайын пайдалануу режимин бекитип берүүнү;
- табигый ландшафттардын архитектуранын талаптарына ылайык келбеген объекттер менен визуалдык бузулушуна тыюу салууну;
- рекреациялык зонадагы калктуу конуштардын учурдагы чек араларын токой фондунун жерлеринин, запастагы жерлердин, өзгөчө корголуучу аймактардын, рекреациялык зоналардын эсебинен кеңейтүүгө тыюу салууну;
- Ысык-Көлдүн суу четинен 500 метрден жакын жерде рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салууну жана корголуучу ландшафттар зонасында объекттердин бардык түрүн жайгаштырууну;
- пирстер, жуунуу зонасы жок пирстеги электр буу бөлмөлөрү жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары сыяктуу курорттук жана рекреациялык инфраструктуранын капиталдык эмес объекттерин, ошондой эле коомдук тамактануу түйүндөрүн жана саркынды сууларды тазалоо системасы бар коомдук дааратканаларды кошпогондо, Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрге жетпеген аралыкта капиталдык курулушка тыюу салууну. Өзгөчө учурларда Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрлик зонада рекреация объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат;
- жаңы ишканаларды курууга жана учурдагыларды кеңейтүүгө, эс алуучулардын жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу менен түздөн-түз байланышпаган башка объекттерди курууга тыюу салууну.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 224 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Эрежеде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле КЧ, КЭ, ЭКЧ КЧЭ жана Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору чыгарган жана белгиленген тартипте катталган техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин негизги түшүнүктөрү жана терминдери колдонулат.
2. Эреженин максаттары жана милдеттери
4. Бул Эреженин негизги максаты менчигинин түрүнө, функциялык багытына, каржылоо булагына, жер участогунун өлчөмүнө, имараттардын санына жана көлөмүнө, ошондой эле инженердик-транспорттук инфраструктурасына карабастан Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында объекттерди курууну, техникалык эксплуатациялоону жана күтүүнү шаар куруучулук жөнгө салууну регламенттөө болуп саналат.
5. Курорттук-рекреациялык аймактардын жана калктуу конуштардын функциялык зоналарынын чектери жана багыты белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу документтерине ылайык аныкталат.
6. Эреже учурдагы объекттерди нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу тартибин белгилейт, ошондой эле Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында объекттерди куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн ченемдерин жана тартибин сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнү камсыз кылат.
3. Эрежени колдонуу чөйрөсү жана сактоо принциптери
7. Эреже Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында шаар куруу жана архитектуралык талаптарды ишке ашыруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат жана шаар куруу-архитектура ишинин бардык субъекттери үчүн милдеттүү.
8. Жеке жана менчигинин түрүнө, башкаруу формасына карабастан юридикалык жактар мамлекеттик көзөмөлдүн өкүлдөрүн, комиссияларды тиешелүү актыларды тариздөө жана текшерилүүчү объекттердин абалын сыпаттоо менен текшерилүүгө жана зарыл иштер жүргүзүлүүгө тийиш болгон бардык объекттерге киргизүүгө милдеттүү.