Редакцияот 05.10.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2007-жылдын 5-октябрындагы                                               № 449 токтому менен                                                  бекитилген              Мињкуш поселогунун районундагы радиоактивдүү                  саркындылардын калдык сактагычтарын                жайгаштыруу проблемасын чечүү боюнча эл                   аралык координациялык топ жөнүндө                                 ЖОБО                                 I. Жалпы жоболор      1. Бул Жобо Мињкуш поселогунун районундагы радиоактивдүү саркынды-лардын калдык сактагычтарын жайгаштыруу  проблемасын  чечүү  боюнча  эларалык  координациялык  топтун  ишинин тартибин жана уюштурулушун анык-тайт.     2. Эл аралык координациялык топ (мындан ары - ЭАКТ) Мињкуш посело-гундагы радиоактивдүү саркындылардын калдык сактагыч жайларынын пробле-маларын чечүүгө арналган чараларды көрөт.     3. ЭАКТ  өз  ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына  жана башка нормативдик укуктук актыларынажана ушул Жобого таянат жана өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.              II. ЭАКТнын негизги милдеттери жана функциялары      4. ЭАКТнын  негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын аткаруу бий-лигинин органдарынын,  эл  аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн жана жекежактардын Мињкуш поселогунун элинин проблемаларын чечүү боюнча долбоор-лорду ишке  ашыруу  боюнча  иштерин координациялоо, өкмөттүк, эл аралыкуюмдардын жыйындарында  донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышуусу менен карооүчүн долбоордук сунуштарды даярдоо болот.     5. ЭАКТнын функциялары:     - Мињкуш  поселогунун калкын жана аймагын табигый жана техногендикмүнөздөгү өзгөчө  кырдаалдардан сактоо жагында иш-чаралардын планын иш-теп чыгуу жана аткаруу;     - Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө  кырдаалдар министрлигине Мињкушпоселогунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, консерваланганкалдык сактагычтарды  жана  кен калдыктарын тейлөөгө, реабилитациялоогоарналган программаларды  аткаруу  үчүн  инвестицияларды  тартууга көмөккөрсөтүү;     - өкмөттүк  жана башка уюмдардын жетекчилеринин Мињкуш поселогунунаймагындагы калдык  сактагычтардын техникалык абалы жана суу ресурстар-дын абалы  жөнүндө маселе боюнча иштерин координациялоо жана отчетторунугуу;     - калдык сактагычтарды рекультивациялоо жана көмүү (иштетүү) боюн-ча иш-чаралардын уюштурулушуна көмөк көрсөтүү;     - айлана-чөйрөнү  жана  радиоактивдүү саркындылардын калдык сакта-гычтарынын абалын мониторингдөө планын иштеп чыгуу;     - Мињкуш поселогунун аймагында жер  көчкү  коркунучун  мониторинг-дөөнүн локалдуу системасын түзүү боюнча сунуштарды кароо;     - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, эл ара-лык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн Мињкуш поселогунун аймагындагы уранкалдыктарын сактагычтардын проблемасын чечүү боюнча иштерин координаци-ялоо;     - бекитилген долбоордук сунуштарды ишке ашыруунун жүрүшүн контрол-доо, аларды  ишке  ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо, ЭАКТнын мүчөлөрүнөжана башка кызыкдар тараптарга өз убагында маалымат берүү;     - Мињкуш  поселогунун аймагын, ошондой эле Туюксуу, Көкемерен, На-рын сууларынын  нугунун  боюндагы аймактарды радиоактивдүү заттар мененбулгануудан сактоого  арналган илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конст-руктордук иштерди жүргүзүү жөнүндө сунуштарды кароо;     - эл  аралык уюмдар, финансылык институттар жана донор өлкөлөр ме-нен кызматташтыкты жана өз ара байланышта иштешүүнү өнүктүрүү.                   III. ЭАКТнын укуктары жана милдеттери      6. ЭАКТ ага жүктөлгөн функцияларга ылайык:     - Кыргыз  Республикасынын  илимий-изилдөөчү, долбоордук-текшерүүчүжана башка уюмдарынын адистерин илимий-изилдөөчү, долбоордук-текшерүүчүжумуштарды жүргүзүү үчүн аныкталган тартипте ишке тартат;     - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана Мињкуш поселогунун аймагын-да жайгашкан  консерваланган  калдык сактагычтарды жана кен калдыктарынкоопсуз кармоо жагында долбоордук сунуштарды карайт;     - министрликтерден жана ведомстволордон, юридикалык жактардан Мињ-куш поселогунун аймагында жайгашкан консерваланган калдык сактагычтардыжана кен калдыктарын реабилитациялоо жана эксплуатациялоо үчүн керектүүматериалдарды сурап алат;     - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюн-ча жергиликтүү  жамааттарды Мињкуш поселогунун аймагында ыктымалдуу та-бигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерге ка-тышууга тартат.                         IV. ЭАКТнын ишиннн уюштурулушу      ЭАКТ коллегиялуу  орган  болот, анын курамы Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечими менен аныкталат.     8. ЭАКТнын  ишин анын жетекчиси, жетекчи жок учурда ЭАКТнын жетек-чисинин орун  басары башкарат. Жетекчи ЭАКтта катышкан мамлекеттик жанабашка эл аралык уюмдар менен мамиледе ЭАКТнын ишине байланыштуу маселе-лер боюнча анын атынан чыгат.     9. ЭАКТ өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт. АКТнынжыйындары ЭАКТнын  жетекчисинин же мүчөлөрүнүн сунушу боюнча өткөрүлөт.ЭАКТнын жыйынында токтоосуз кароону аталап кылган кырдаал жөнүндө шашы-лыш билдирүү кезексиз жыйын өткөрүү үчүн негиз болот. ЭАКТнын жыйындарыпротокол менен таризделет.     10. ЭАКТнын  чечимдери ЭАКТнын жыйынында ЭАКТнын жыйынына катышканмүчөлөрүнүн жөнөкөй  көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. ЭАКТнын ар бирмүчөсү чечүүчү  бир  добушка укуктуу. ЭАКТнын мүчөлөрүнүн жалпы санынанашыгы катышса кворум болот.