Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-январы № 15 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын биринчи жарымында өткөнжылдарга салыштырганда экономикалык өсүш темптери кыйла жогору болгон-дугун белгилейт. Экономиканын бардык негизги секторлорунда дурус өсүштемптерине жетишилди. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн белгиленгеноњ тенденцияларын бекемдөө жана күчөтүү, ошондой эле 2007-2010-жылдаргаөлкөнү өнүктүрүү стратегиясында жана 2007-жылга Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн иш-аракеттеринин программасында каралган максаттарга жетишүүбоюнча максатка багытталган иштер жүргүзүлгөн. Ички дүњ продукт (ИДП) өндүрүшү 2007-жылы 139,7 млрд. сом сумма-сында түзүлгөн, ал эми анын реалдуу өсүшү өткөн жылдын тийиштүү мезги-лине салыштырганда 8,2 процентти түзгөн. ИДПнын реалдуу өсүшү "Кумтөр"кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда экономиканын бардык сек-торлорундагы өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен 8,7 процентти түзгөн.2007-жылы ИДПнын дефлятору 113,5 процентти түзгөн. ИДПнын өсүшүнө неги-зинен кызмат көрсөтүүчү тармактар (6,2%), өнөр жай (0,7%), айыл чарба(0,4%) жана курулуш (0,8%) тармактары таасир эткен. Калктын ар биринеэсептегенде ИДПнын көлөмү 26,7 мињ сомду түздү (720 АКШ доллары) жана7,3 процентке өстү. Ошону менен бирге 2007-жылдын экинчи жарымында инфляция өсө баш-тап, анын жогорку чеги 2007-жылдын октябрына туура келди. 2007-жылдынянварь-сентябрында инфляциянын дењгээли 2006-жылдын декабрына карага10,3 процентти, ал эми 2007-жылдын 10 айында - 20,1 процентти түздү.Бул негизги тамак-аш азыктарына баанын кескин өсүшүнө байланыштуу. Ал-сак, нан-булочка азыктары жана акшак 32,0 процентке, май жана малдынмайы - 19,6 процентке кымбаттаган. 2007-жылы инфляциянын динамикасы буудай данына, нефтиге жанаазык-түлүктүн айрым түрлөрүнө дүйнөлүк товар рынокторундагы баанын өсү-шүнөн көрүнгөн тышкы таасирлерден улам болду. Банк системасында дурус тенденциялар сакталды. М2Х акча массасы2007-жылдын январь-ноябрында 20,6 процентке көбөйдү жана 2007-жылдын1-декабрына карата анын көлөмү 38920,5 млн. сомду түздү. Коммерциялыкбанктардын кредиттик портфели 2006-жылдын тийиштүү мезгилине салыштыр-ганда 75,5 процентке көбөйдү. Калктын ишкер активдүүлүгүнүн өсүшү, жа-рандардын кирешелеринин жогорулашы, банк системасындагы абалдын жакшы-рышы коммерциялык банктарга депозиттердин агымынын көбөйүшүнө шарт түз-дү. Алардагы депозиттердин көлөмү 21884,5 млн. сомду түздү же 2006-жыл-га салыштырганда 30,2 процентке көбөйдү. Экономиканын финансылык жагымдуулугун чыњдоо үчүн банктардын капи-талына талаптарды көбөйтүү аркылуу банктарды капиталдаштыруу саясатынулантуу, алардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүгүн кењейтүү, атап айт-канда коммерциялык банктарга ликвиддүү корпоративдик баалуу кагаздаргаинвестициялоого уруксат берүү зарыл. "Банктык салымдарды коргоо жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну тездетүү керек. Тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2007-жылдын январь-ноябрында жекеадамдардын экспорттук-импорттук операцияларынын көлөмүн кошо алганда2006-жылдын көрсөткүчүнөн 44,5 процентке ашуу менен 3469,9 млн. АКШдолларын түздү, мында товарлардын экспорту 41,4 процентке, ал эми им-порт - 45,8 процентке көбөйдү. Алыскы чет өлкөлөрдөн импорттун көлөмү65,9 процентке, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу өл-көлөрдөн - 54,9 процентке өстү. Экспортко караганда импорттун алдыга кеткен өсүшүнүн натыйжасындасоода балансынын терс сальдосу 1435,3 млн. АКШ долларын түздү же2006-жылдын январь-ноябрына караганда 47,9 процентке көп болду. Отчеттук мезгилде өнөр жайда 59222,2 млн. сом суммасында продукцияөндүрүлдү. 2006-жылга карага өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү-нүн индекси 107,3 процентти түздү, "Кумтөр" кениндеги алтын казуучу иш-каналарды эсептебегенде 44081,9 млн. сомго көп же 110,3 процент. Кенказып алуу өнөр жайындагы физикалык көлөмдүн индекси 98 процентти, алэми иштетүүчү ишканаларда - 107,5 процентти түздү. Металлургия өндүрү-шүндө, машина жана жабдуулар, электр жабдуулары, электрондук жана опти-калык жабдуулар өндүрүшүндө продукция чыгаруу төмөндөдү. Өнөр жайда экспорттоочу ишканалар үчүн КНСтин ордун толтуруу проб-лемасы сакталууда. КНСтин ордун толтуруу механизми өркүндөтүлбөгөндүгү-нөн салык органдары ишканалардын кыйла жүгүртүү каражатын алып коюуда.Өнөр жай ишканаларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү олут-туу фактор социалдык чегерүүлөрдүн ставкасы болуп саналат. Электр энергетикасында жалпы коромжулуктарды азайтуу жана тарифтүзүү проблемасы сакталууда. Бөлүштүрүүчү компаниялар тармагында электрэнергиясынын коромжулуктары 36,1 процентти түзөт, берилген электр энер-гиясы үчүн каражаттар толук түрдө чогултулбайт, электр энергиясына та-рифтер чыгымдарды жаба албайт, электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүүбоюнча кубаттуулуктардын жетишсиздиги сезилет. Айыл чарба, ањчылык жана токой чарба продукцияларын дүњ чыгаруу2007-жылы 89717 млн. сомду түздү жана 2006-жылга салыштырганда 1,5 про-центке көбөйдү. Өндүрүлгөн продукциялардын жалпы көлөмүнөн өсүмдүк өс-түрүү үлүшүнө 58,1 процент, мал чарбасына - 40,6 процент, кызмат көрсө-түүгө - 1,1 процент, ањчылык жана токой чарбасына - 0,2 процент тууракелет. Эгин өндүрүү 4,6 процентке, анын ичинде буудай - 15,6 процентке,пахта - 19,1 процентке жана кант кызылчасы - 31,2 процентке кыскарган.Буудай себүү аянты 2006-жылга салыштырганда 51,5 мињ гектарга азайыпкеткен. Ыњгайлуу экономикалык конъюнктура жана калктын реалдуу кирешелери-нин, орточо айлык эмгек акынын өсүшү товарлар менен кызматкөрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын көбөйүшүнө шарт түздү. Соодажүгүртүүнүн жалпы көлөмү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жекепайдалануу предметтерин оњдоо 2007-жылдын январь-декабрында 2006-жылгасалыштырганда жалпы республика боюнча 11,4 процентке өстү. Мейманкана-лар менен ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 11,2 проценткеөстү. Почта жана электр байланыш кызматтарынын дүњ көлөмү 2007-жылы9084,7 млн. сомду түздү же өткөн жылдын дењгээлине карата мобилдик бай-ланыш операторлорунун ишмердигинин эсебинен 1,8 эсеге көбөйдү. Уюлдукбайланыштын абоненттеринин жалпы саны 1,68 миллиондон ашып кетти, ал1000 адамга алганда 310 абонентти түзөт. Уюлдук байланыштын камтуу зо-насында республиканын 70 проценттен ашуун калкы жашайт. Курулуштун дүњ продукциясынын жалпы көлөмү 2007-жылы 20653,2 млн.сомду же 2006-жылга карата 120,2 процентти түздү. Негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү көлөмү каржылоонунбардык булактарынын эсебинен 24385,5 млн. сомду, реалдуу өсүш темпиөткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 103,7 процентти түздү.Өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө эњ чоњ үлүш турак жайкурулушуна, кен казуу өнөр жайына, транспорт жана байланышка, иштетүүчүөнөр жайга, электр энергетикасына туура келет. 2007-жылдын 9 айында республикага 324450,8 мињ АКШ доллары сумма-сындагы чет өлкөлүк тике инвестициялар тартылды же 2006-жылдан тиешелүүмезгилине караганда 1,7 эсеге көп. Чакан жана орто бизнес субъекттери тарабынан чыгарылган дүњ кошум-ча нарк 2007-жылдын 9 айында 44083,9 млн. сомду же республиканын ИДПсы-нын 44,5 процентин түздү. Чакан жана орто ишкердик субъекттери (мынданары - ЧОИ) өндүргөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2007-жылдын 9айында 9995,9 млн. сомду түздү. ЧОИ субъекттери 39892,8 млн. сом сумма-сында айыл чарба продукциясын өндүрдү. Жумуш издөө боюнча мамлекеттик ишке орноштуруу кызматынын органда-рында эсепте турган, эмгекке жарамдуу курактагы иштебеген калктын саны2008-жылдын 1-январына карата 104,5 мињ адамды, анын ичинен катталганжумушсуздардын саны - 71,3 мињ адамды түздү. Экономиканын өсүшү социалдык чөйрөдөгү абалдын жакшырышына көмөк-төштү. Минималдуу керектөө бюджетинин (мындан ары - МКБ) нарктык чоњду-гу калктын ар бирине алганда 2007-жылы айына 2795,88 сом, эмгекке жа-рамдуу курактагы калк үчүн - 3082,85 сом, пенсиялык курактагыларга2435,62 сом, балдарга - 2399,15 сом. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Минималдуу эмгек акыжөнүндө" 2006-жылдын 30-октябрындагы № 519 Жарлыгы менен 2007-жылдын1-январынан тартып минималдуу эмгек акы 340 сом өлчөмүндө белгиленди. 2007-жылдын январь-ноябрында республика боюнча номиналдуу орточоайлык эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 3837 сом өлчөмүндө түзү-лүп, 2006-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 31,3 процентке көбөй-дү. 2007-жылдын 1-январынан тартып саламаттык сактоо, билим берүү,илимий мекемелердин, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлерининэмгек акысы 30 процентке көбөйтүлдү. 2007-жылдын 1-январынан тартыпКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республи-касынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынынжарандык персоналынын кызмат маянасы 50 процентке жогорулатылды.2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын базалык бөлүгү 400 сомгочейин жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн суммасы 10 процент-ке жогорулатылып, ар бир айлык социалдык пособиелерге 100дөн 300 сомгочейин үстөктөр белгиленди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылы социалдык-экономикалыкабал жакшыргандыгын белгилейт. Ошону менен бирге 2008-жылы оперативдүүчечүүнү талап кылган бир катар проблемалар али да сакталууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан экономикалык сая-саттын башкы натыйжасы 2007-жылы экономикалык өсүштүн жогорку темптеринкалыбына келтирүү болуп санала тургандыгы эсептелсин. 2. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында коюлган мак-саттуу багыттарга 2007-жылы жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрликтин иши канааттандырар-лыксыз экендиги белгиленсин. 3. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында коюлган мак-саттуу багыттарга Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомст-волорунун жетишүүсүн контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Экономи-калык өнүктүрүү жана соода министрлигинин начар иш жүргүзгөндүгү белги-ленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлиги 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стра-тегиясынын максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылбоо себептерине талдоожүргүзүшсүн жана 2008-жылы максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүдө үзгүлтүк-кө учуроого жол бербөө боюнча чараларды көрүшсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары мененбирдикте республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу 2008-жылдынтүшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарынын оптималдуу струк-турасын 2008-жылдын февралынын аягына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жа-на Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасы-нын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте Салыктар жанабашка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөө суммаларын эсеп кылуу, кайтарып бе-рүү жана республикалык бюджеттен ордун толтуруу жөнүндө жобого өзгөр-түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнө 2008-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө сунуш киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту кө-зөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы менен бирдикте улуттук долбоорлоргоКыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ресурстарын инвестирлөө мүм-күнчүлүгүн 2008-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө карап чыгуу сунуш-талсын. 8. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги: - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү ми-нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдикте тө-мөнкүдөй позициялар боюнча: экономиканын энергия сарптоосу, эмгек өндү-рүмдүүлүгү, калктын реалдуу кирешелеринин дењгээли, жашоонун узактыгыбоюнча экономикалык жана социалдык саясаттын негизги параметрлерин бе-китүү боюнча 2008-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын Улуттук банкы менен бирдикте экономикалык өсүшкө көмөктөшүүдөКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролун жогорулатуу боюнча2008-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөсунуш киргизсин. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов