Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-январы № 23                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген                коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга                    социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө            (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 514,     2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомунун редакциясына ылайык)      "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары -"Рен-тон-Групп" ЖЧК) баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсө-түү максатында   жана   Кыргыз   Республикасынын  Өкмөтүнүн 2007-жылдын28-майындагы № 145-б буйругу менен бекитилген жумушчу тобунун заседани-есинин 2007-жылдын  16-октябрындагы  № 6 протоколунун 1-пунктуна ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын 3-статьясынын  негизинде  кредитордун талап коюу укугун өткөрүпберүү жөнүндө  түзүлгөн  макулдашуулардын  негизинде көрсөтүлгөн баалуукагаздардын ар  бир кармоочусуна кредитордук карыздын бөлүгүн республи-калык бюджеттен  төлөп берүү аркылуу "Рентон-Групп" ЖЧКсынын баалуу ка-газдарын кармоочуларга төмөнкүдөй шарттарда социалдык жардам көрсөтсүн:     1948-жылга (ошол жылды кошо алганда) чейинки туулган адамдарга  онмињ сомго чейинки өлчөмдөгү сумма бөлүнөт жана  төлөнөт;     1948-жылдан кийинкилерге  он мин сомго чейинки өлчөмдө сумма бөлү-нөт, ал мамлекеттик кыска мөөнөттүү векселдердин бирдей жылдык натыйжа-луу проценттик ставкасынын жылдык проценттик ставкасында 7 жылдык төлөөмөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгарылган мамле-кеттик баалуу кагаздарга келишим боюнча кайра таризделет, эгерде КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан эсептөөнүн башка тартиби аныкталбаса          - "Рентон-Групп"  ЖЧКсынын  баалуу кагаздарын кармоочулардан талапкоюу укугун  өткөрүп  берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген  тартипте   тариздесин;     - "Кыргыз  Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-дө" Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамынын   долбоорун   караганда "Рен-тон-Групп" ЖЧКсынын  баалуу  кагаздарын  кармоочуларга социалдык жардамкөрсөтүү үчүн акча каражатын карасын;     - 1948-жылдан кийин туулган, "Рентон-Групп" ЖЧКсынын баалуу кагаз-дарын кармоочулар  үчүн бөлүнүүчү суммаларды мамлекеттик баалуу кагазгакайра тариздөө тартибин жана аларды жоюу тартибин иштеп чыксын жана бе-китсин;     - талап  коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө түзүлгөн макулдашуу бо-юнча иш жүзүндө төлөнгөн сумманын өлчөмүндө кредитор катары Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигин таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамында белгиленген тартипте "Рентон-Групп" ЖЧКсынын атайын админис-траторуна кайрылсын.     (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомуну редакциясыясына ылайык)

     1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

     - "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздары- нын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну кат- тоо жана тариздөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-июну;

     - төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-сентябры.

(2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомунун редакциясына ылайык)

      2. Ушул  токтомдун  1-пунктунда  көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмүнөнашкан сумма "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык жоюла тургандыгы белгиленсин.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода,  туризм  жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов