Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                               КР Ѳкмѳтγнγн

              2015-жылдын 19-августу № 585 токтомуна ылайык

                              кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 25-февралы № 62

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                  Кыргыз Республикасынын ветеринария

               кызматын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга

              карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматынын абалын Европа союзу,

Дүйнөлүк соода  уюму жана Эл аралык эпизоотиялык бюронун Кургактагы жа-

ныбарлар боюнча санитардык кодекси белгилеген стандарттарга ылайык кел-

тирүү, ветеринардык  тейлөөнү  өркүндөтүү  жана ветеринардык ишти андан

ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Тиркелген:  Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын өнүктү-

рүүнүн 2008-2012-жылдарга карата стратегиялык планы (мындан ары Страте-

гиялык план) бекитилсин.

     2. Кыргыз  Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

     - республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Стратегия-

лык пландын иш-чараларын каржыласын;

     - Стратегиялык пландын белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз-

дасын.

     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын  агроөнөржай  комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов