Редакцияот 10.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-апрели № 141                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"            категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык          аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик  админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл районунун Чоњ-Сары-Ой айыл-дык  кењешинин  аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкүжарандарына жеке менчик укугунда таандык 17,75 га сугат  айдоону  "Айылчарба  багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш-тык аймактардын жерлери" категориясына  которуу  жөнүндө  сунушу  кабылалынсын:     Р. Салиевага - 4,8 га сугат айдоону;     К. Абдановага - 4,8 га сугат айдоону;     Т. Манаевага - 4,95 га сугат айдоону;     М. Жекшеналиевага - 3,2 га сугат айдоону.     2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик  админист-рациясы:     - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргиз-син;     - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш  ку-рууга   шаар   куруу  документтерин  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната,  Кара-Ой,  Бозтери курорттуккомплекстеринин башкы пландарын бекитүү,  Тору-Айгыр,  Кошкөл,  Сары-Ойжана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жанаЫсыккөл  облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жак-шыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен жактырылган Чоктал эс алуузонасын аймактык өнүктүрүү схемасына ылайык иштеп чыксын;     - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар  үчүн  алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз  Республикасы-нын  Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгилен-ген нормативдерге ылайык айыл чарба  өндүрүшүнүн  жоготууларынын  ордунтолтуруу  наркынын  суммасын  ушул  токтомдун 1-пунктунда саналып өткөнКыргыз Республикасынын жарандары тарабынан төлөнүшүн камсыз кылсын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.                Премьер-министр                       И.Чудинов