Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021 жылдын 15 октябры   № 4                                                                     

 

        “Кара-Сай айылына техникалык жѳндѳѳ ортолугун ачуу жѳнүндѳ”

Бакайыр айылдык Кеңешинин VIII – чакырылышынын депутаттарынын 6- сессиясында   Кара-Сай айылындагы 1250 чарчы метр муниципалдык менчиктикте турган жерге автотранспортторду техникалык жѳндѳѳ ортолугун куруу жѳнүндѳ айылдык кеңештин чечимине ылайык токтом кылам:

 

1.    Кара-Сай айылынын Үзүп кѳчѳсүндѳгү 1250  чарчы метр болгон муниципалдык менчик жерге ТЖО куруу үчүн Ѳнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш даярдалып кайрылуу жолдонсун;

 

2.    Долбоорду ишке ашыруу жагы Бакайыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Бакировго жүктѳлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Тѳрага

Жаныкул уулу К