Редакцияот 21.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 15-марты № 2                                                             

Бакайыр айылдык  кеңешинин  VIII – чакырылышынын 11-сессиясы.

Ички арыктарды муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ.

Бакайыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы №11 протоколуна ылайык Бакайыр айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ак-Башат жана Кара-Сай айылдарындагы ички сугат арыктарды жана каналдар муниципалдык реестрге каттоого  алынсын.

 

2.    Каттоого алынган каналдарга  жана арыктарга   КРѲ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “КАДАСТР”  мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура филиалынан мамлекеттик акт алынсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ  жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Тѳрага

Жаныкул уулу К