Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз сессиясынын

 

2022-жылдын 14-сентябры № 50

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин    кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган   кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын курулуп жаткан спорт комплексинин бүтпөй калган жумуштары үчүн 8 608 927(сегиз млн. алты жүз сегизмиң тогуз жүз жыйырма жети )сом, тегерегине тосмо кылуу үчүн 2 192 339(эки млн. бир жүз токсон эки миң үч жүз отуз тогуз) сом,  жалпы 10 801 300(он млн. сегиз жүз бир миң үч жүз)сом акча каражаты  Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Осмонов