Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз сессиясынын

 

2022-жылдын 14-сентябры № 48

Кара-Ой айылынын Кара-Булуң, Узун- Булак Күңгөй тарабындагы фермерлердин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин    кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айылынын Кара-Булуң, Узун- Булак, Күңгөй тарабындагы   фермерлердин

жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Кызыл Таштагы көпүрөнү жана жолун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 1 120 875 (бир млн. бир жүз жыйырма миң сегиз жүз жетимиш беш ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Осмонов