Редакцияот 14.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз сессиясынын

 

2022-жылдын 14-сентябры № 44

Кара-Ой айылынын тургуну Э.Абдыкадыровдун

жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин    кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургунун Э.Абдыкадыровдун  жазган   кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагынын чегиндеги №1366 чөйрө сызыгынан 0,5га жер тилкесин жайыт жер багытынан эс алуучу жай жана ден соолукту коргоо борборун курууга жерди трансформациялоого  берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Осмонов