Редакцияот 31.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк жаңгак шаардык  кеңештин кезектеги VIII чакырылыштагы кезектеги XXII - cесcиясы

2022-жылдын 31 - октябры № 22/2

Көк-Жаңгак шаарындагы зоналдык коэффициентти бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл чыг. № 1-12/1053 кайрылуу каты жана   Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын  26.10.2022-жылдагы  № 01/1-32/3267 сандуу  жана Мамлекеттик салык  кызматынын  Сузак району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын  26 - октябрындагы № 039/22/21-1-7/1006 сандуу  катынын  негизинде, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык  коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициенттке чейин өлчөмдө беките алат.  

 

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл № 1-12/1053 кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык  коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициентке бекитилсин.    

2. Ушул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б. Замирбековго жүктөлсүн.

3.  Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк- Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                                                                                                                                                                   З.Байдавлетов