Редакцияот 24.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 24 - августу № 35

Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык багытын жогорулатуу боюнча  жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу жөнүндө

Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы

                                                      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагындагы Болотбек Үмөталиев атындагы спорт комплексине бөлүнгөн 3,5 га жердин чыгыш түндүк тарабынан бала-бакча куруу үчүн 0,50 га жер бөлүнүп берилсин.

2.Бөлүнүп берилүүчү жердин иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                        Б.Самсиев