Редакцияот 19,05,2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 19 - майы № 31

Кара-Суу айылынын тургуну Сулайманова Майрамбүнүн өзүнө тиешелүү участогунун 10 сотых жерине намазкана салуу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап,  Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 18-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын Б.Оторбаев көчөсү №26 дарегиндеги 1000,0 кв.м жер участогуна намазкана курууга уруксат берилсин.

2.Талас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан намазкананын курулушу боюнча керектүү иш кагаздарын   бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана  өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Кабыловага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                              Б.Самсиев