Редакцияот 19.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 19 - майы № 30

Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынын чечими негизинде Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 18-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы Чоң-Чар, Кичи-Чар, Жылуу-Булак өзөндөрүнө, Кара-Жылга сайында жайгашкан чарбакка 2022-жылдын 25-августуна чейин мал жайыууга жана көчүп келүүгө тыюу салынсын.

 

2.Чоң-Чар, Кичи-Чар жана Жылуу-Булак өзөнү жаз, күз мал кыштоого калтырылсын.

3.Малчылардын сунушу боюнча Түз-Ашуу жайлоосунда жайгашкан Жылуу-Булак жана Кара-Жылга өзөндөрүнүн мерчендүү жеринен мал өтүп кетпеши үчүн тозот орнотулсун. 2022-жылдын август айында орнотуу иштери аткарылсын. 

4.Өз билемдикке салып малы менен көчүп келген малчыларга малдын санына жараша айып пул салынсын (бир баш бодо мал 2 000 сом).

5.Малчыларды көчүрүп, жайгаштыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.

6.Токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

            Торага                                                                                                                                                                                                                     Б. Самсиев