Редакцияот 08,09,2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 14 отуруму

2022-жылдын 8-сентябры № 14/4

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылында жайгашкан “Курманжан Датка-200” эмканасы азыркы учурда жер багыты мечит болуп тургандыгына  байланыштуу жер багытын өзгөртүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы 5-01-06-1003-0117 сандуу коду менен катталган жер участогунан белгиленген 4 сотых жер тилкесин “Курманжан Датка-200” эмканасына өткөрүп берүү боюнча Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнун жер боюнча башкы адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кара-Шоро айылынын Кара-Шоро-1 көчөсүндөгү муниципалдык менчигинде турган 400 чарчы метр жерди максаттуу багыты өзгөртүлүп, “Курманжан Датка-200” эмканасына кайрадан чектелип берилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнун жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.

3.    Юридикалык документтерди даярдап берүу жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, “ Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын

4.    Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Бегматов