КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги төртунчү сессиясы
2021-жылдын 17-июлу № 4-13
Кыргыз-Ата айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык кеңешинде каттоого алуу тууралуу
Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын ассоцациясынын уставы ассоцациянын конференциясында бекитилгендигинин негизинде жана конференциянын катышуучуларынын ассоциацияны каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясынын бектилген уставына жана конференциянын сунуш протоколуна ылайык Кыргыз-Ата айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетине ассоциациясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э