Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он экинчи сессиясы

 

2022-жылдын 16-сентябры  № 12-4

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү меселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.

2. Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчасынын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары  Экологиялык жана техникалык коопсуздук министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынан  уруксат алуу  иш кагаздарын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.   

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин « Агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

          Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       Женишбай уулу Э